Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Ирак чет өлкөлөрдү жардамга чакырды


Токиодо Иракка жардам көрсөтүү боюнча эл аралык конференция ачылды. Ирактын вице-премьер- министри Бахарм Салех жыйында сүйлөп, Иракты өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана тышкы жардам эң алды “террорчулукту токтотуу үчүн маанилүү” деди.
Ал ошондой эле Улуттар Уюмунун Ирактагы ролун кеңейтүүгө чакырып, өлкөдөгү кырдаал менен тыш өлкөлөр жакшы тааныш эмес экенин айтты:


-Биз өкмөттүн жана Ирак элинин алдында өтө олуттуу коопсуздук маселеси турганын билебиз. Ошол эле учурда теледен кетип жаткан тозоку көрүнүштөр менен кан төгүүлөр Ирактагы чындыкты толук чагылдырбайт.

Донор-өлкөлөр Иракка 14 миллиард долларга жакын убада кылышкан. Өлкөдөгү катаал кырдаалдан улам ал акчанын аз гана бөлүгү пайдаланылган.

XS
SM
MD
LG