Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ АТУУЛДАРДЫН ЭРКИН ЖЫЙНАЛЫП, АКЦИЯ ӨТКӨРҮҮ УКУГУН КАРАП ЖАТАТ


14-октябрда Кыргызстандын Конституциялык соту атуулдардын чогулуп, тынч жол менен куралсыз митинг, пикет, демонстрация өткөрүү укуктары боюнча маселени кароону баштады. Быйыл май айында Конституциялык сотко Кыргызстандын жарандары Төлөйкан Исмаилова, Нурлан Данияров, Татьяна Калышникова жана "Дордой" базарындагы ишкерлердин атынан Анатолий Новиков арыз менен кайрылышкан. Алар Мыйзам чыгаруу жыйыны 2002-жылы 24-июнда кабыл алган мыйзамдын үч беренеси Конституцияга каршы келээрин айтышып, бул мыйзамдык карама-каршылыкты чечип берүүнү сурашкан.

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын жетекчилиги менен башталган отурумда алгач арыз бергендер өздөрүнүн жүйөлөрүн келтиришип, Мыйзам чыгаруу жыйыныны 2002-жылы июнда кабыл алган "Атуулдардын тынч жол менен куралсыз чогулуп, митинг, пикет, жүрүш жана демонстрацияларды өткөрүү жөнүндө" мыйзамдын 5-, 6-, 7-беренелери Конституциянын 16-беренесинин 14-пунктуна каршы келээрин айтышты.

Төлөкан Исмаилованын кызыкчылыгын сотто коргогон адвокат Юрий Шенцовдун айтымында, аталган мыйзамдын жогоруда саналган үч беренесине ылайык атуулдар нааразылык акциясына чыгыш үчүн аткаруу бийлигинен, так айтканда, райондук администрациядан уруксат алышы керек. Ал эми Кыргызстандын аймагындагы эң жогорку күчкө ээ делген Конституциянын 16-беренесинин 14-пунктунда атуулдар нааразылык акциясына чыгыш үчүн бийликтен сөзсүз түрдө уруксат албастан, жөн гана аларга кулакдар кылып коюп, митинг, пикетке чыга берсе болоору айтылган.

Арыз бергендердин баардыгы өлкөдө Конституциядан ыйык, андан күчтүү мыйзам жок экенин айтышып, соттон мыйзамдардагы мындай карама-каршылыкты жоюу боюнча чечим кабыл алууну суранышты.

Сотко Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын атынан келген өкүлү Руслан Акчалов дагы палата кабыл алган бул мыйзамдын аталган беренелери чындыгында эле Конституцияга каршы келип калганын атйып, арыз бергендердин өтүнүчүн канааттандырып берүүнү соттон суранды.

Судьялар кеңешип, акыркы бир чечим кабыл алыш үчүн сот отурумуна тыныгуу жарыяланды. Конституциялык соттун чечими бүгүн - 14-октябрда кечке жуук же эртең чыгышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG