Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ЖАРАНДАРДЫН ТЫНЧ ЖОЛ МЕНЕН ЧОГУЛУП, ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮҮ УКУГУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРДИ


14-октябрда Кыргызстандын Конституциялык соту атуулдардын чогулуп, тынч жол менен нааразылык акцияларын өткөрүү укугу боюнча маселени карады. Төрайым Чолпон Баекованын жетекчилигиндеги соттук жыйындын соңунда буга чейин аткаруу бийлигинин өкүлдөрү жарандардын Конституция кепилдик берген укуктарын чектеп келгени дайын болду. Эми соттун бул чечимине жараша нааразы болгондор Конституциялык укугунан пайдаланып, бийликтин уруксатысыз эле пикет, митинг жана демонстрацияларга чыга алышат.

Кыргызстанда пикет, митинг жана демонстрацияларды өткөрүүгө бийлик тарабынан буга чейин уруксат берилбей келаткан. Бирок өлкөдөгү чектен чыккан мыйзамсыз аракеттерге бийликтин көңүлүн буруу максатында баары бир пикет, митингге чыгуу буга чейин токтогон эмес.

14-октябрда төрайым Чолпон Баекованын жетекчилигинде өткөн Конституциялык соттун отурумунда буга чейин аткаруу жана сот бийлигинин өкүлдөрү жарандардын Башмыйзам кепилдик берген укуктары чектелип келгени аныкталды.

Буга чейин райондук мамлекеттик акимиаттар жана соттор Мыйзам чыгаруу жыйыны 2002-жылы 23-июлда кабыл алган "Атуулдардын тынч жол менен куралсыз чогулуп, митинг, пикет, жүрүш жана демонстрацияларды өткөрүү жөнүндө" мыйзамга таянып, жарандарга нааразылык акцияларын өткөрүүгө уруксат бербей келаткан.

Мисалы, быйыл 15-апрелде Феликс Куловду абактан бошотуу талабы менен жөө жүрүшкө чыккандарды милиция аталган мыйзамга таянып, кармап, Бишкектин Биринчи май райондук соту болсо Төлөйкан Исмаилова баштаган бир катар жарандарга айыппул салган.

Ошондон кийин быйыл май, июль айларында ушул маселеге байланыштуу 4 адамдан Конституциялык сотко үч башка арыз түшкөн.

Төлөйкан Исмаилова, Татьяна Калышникова, Нурлан Данияров жана Анатолий Новиков өз арыздарында аткаруу жана сот бийликтери таянып жаткан "Атуулдардын тынч жол менен куралсыз чогулуп, митинг, пикет, жүрүш жана демонстрацияларды өткөрүү жөнүндө" мыйзамдын 5-, 6-, 7-беренелери Конституцияга каршы келээрин айтышкан. Ошондон соң сот бул үч башка арызды бириктирип, бир ишке тиркеп, өндүрүшкө алган.

Арыз менен кайрылгандардын айтымында, Кыргызстандын аймагында эң жогорку күчкө ээ делген Конституциянын 16-беренесинин 14-пунктунда атуулдар нааразылык акциясына чыгыш үчүн бийликтен сөзсүз түрдө уруксат албастан, жөн гана аларга кулакдар кылып коюп, митинг, пикетке чыга берсе болоору айтылган:

- Сот жана аткаруу бийлигинин органдары чечим кабыл алаарда башкы мыйзам – Конституцияны эске албай, мыйзамдарга же кайсы бир нормативдик актыларга таянышат. Биз бул ирет бийликтер кайсы бир чечим кабы алаарда мыйзамдар менен Конституциянын ортосунда карама-каршылык болсо Конституция жогорку күчкө ээ экенин эске алсын деп сотко кайрылдык, - дейт Төлөйкан Исмаилованын өкүлү, адвокат Юрий Шенцов

Айтып коюу керек - арыз жазгандар бири-бирине байланышсыз окуялардан улам бийликке пикет, митинг жолу менен нааразылык билдирүүнү көздөшкөн. Мисалы, Төлөкан Исмаилова саясий укуктарынын бузулушуна пикет аркылуу нааразылык билдирүүнү көздөп келсе, Татьяна Калышникова «Бермет» акционердик коомунун жетекчилигине нааразылык билдирүү үчүн пикетке чыгууну каалаган.

Ал эми Нурлан Данияров менен Александр Новиков «Дордой» базарында соода кылышат. Былтыр август айында кыргыз өкмөтү «Дордой» баштаган ири соода түйүндөрүнө касса аппаратын киргизүү тууралуу токтом кабыл алган болчу. «Дордойдогулар» буга нааразы болушуп, Ак үйдүн алдына пикет өткөрүүгө бийликтен уруксат сурашкан, бирок бир да жолу уруксат ала алышкан эмес:

Нурлан Данияровдун айтымында, муну менен анын Конституциянын 16-беренесинин 14-пунктунда жазылган укугу бузулду деп эсептейт жана сотко ошол себептен кайрылган.

Сотко Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын атынан келген өкүлү Руслан Акчалов дагы палата 2002-жылы кабыл алган бул мыйзамдын аталган беренелери чындыгында эле Конституцияга каршы келип калганын айтып, арыз бергендердин өтүнүчүн канааттандырып берүүнү соттон суранды.

Төрайым Чолпон Баекова башында турган соттор мындай жүйөлөрдү укуандан кийин арыз бергендердин өтүнүчүн канааттандырды:

- Биринчиден, Данияров, Исмаилова, Калышникова жана Новиковдун арыздары канааттандырылсын. Экинчиден, аталган мыйзамдын 5-, 6-, 7-беренелери күчүн жоготсун, - деп төрайым Чолпон Баекова соттун чечими менен тааныштырды.

Ошентип, жарандардын аткаруу бийлигинин уруксатысыз эле тынч жол менен чогулуп, пикет, митинг, демонстрация өткөрүүгө болгон Конституциялык укуктары калыбына келди.
XS
SM
MD
LG