Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

ПАРЛАМЕНТТИН КОМИТЕТИ Ф.КУЛОВДУН ЖАЗА МӨӨНӨТҮ ТУУРАЛУУ ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ


Бейшембиде Мыйзам чыгаруу жыйынынын сот, укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча комитети «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга байланыштуу арызын карады. Комитет соттор Куловго жаза берүүдө Кылмыш-жаза кодексининин айрым беренелерин туура эмес колдонгон деген чечим чыгарды.

«Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов Мыйзам чыгаруу жыйынынын сот, укук жана мыйзамдуулук комитетине жолдогон арызында өзүн абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу өтүнүчүн канааттандырбай койгон Сокулук райондук соттун чечимин жана Юстиция министрлигинин жаза өтөө башкармасынын бул чечимге негиз берген бүтүмүн териштирүүнү өтүнгөн.

Кулов аталган башкармалыктын Кылмыш-жаза кодексининин 61-беренесин колдонгонунун канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгонуна күмөн санаган. Арызда андан тышкары Бишкектин Биринчи май райондук соту өкүм чыгарганда 1960-жылдагы Кылмыш-жаза кодексининин 38-беренесин туура же туура эмес колдонгонун аныктоону суранган.

Аталган комитет арызды жана ага кошумча тиркелген материалдардын баарын иликтеп чыгып, соттордун аталган беренелерди 1960-жылдагы Кылмыш-жаза кодексинин 37-, 38-, 59-, 60- жана 61-беренелерин Куловго же башка айыпкерлерге карата колдонулушу тууралуу түшүндүрмө берүүнүн зарылдыгы жок экендиги Куловго түшүндүрүлсүн деген чечимге келди.

Андан тышкары комитет Бишкектин Биринчи май райондук соту 2000-жылы 8-майда өкүм чыгарганда 1960-жылдагы Кылмыш-жаза кодексинин 38-беренесин жана азыркы кодекстин 61-беренесин туура эмес жана мыйзамсыз колдонгон деген жыйынтыкка келди. Биринчи май райондук соту Куловдун абакта отурган күнүн 2001-жылдын 26-июлунан тартып санап, туура эмес эсептегендигин белгиледи. Ал тууралуу комитет төрагасы Азимбек Бекназаров төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

-Бишкектин Биринчи май райондук соту 2002-жылы 8-майда Феликс Куловго өкүм чыгарып жатканда ошол убакта колдонулган 1960-жылдагы эски Кылмыш-жаза кодексининин 37-беренесинин үчүнчү бөлүгүнүн ордуна 38-беренени колдонуп койгон. Анын бир караганда айырмасы деле билинбейт. Себеби экөөндө тең эле «кошулат» деп жазылган. Бирок айырмасы чоң. Мыйзам боюнча соттолуп жаткан адам мурда да кандайдыр бир кылмыш менен соттолгон болсо, кийинки өкүм чыгарарда 37-берене колдонулат. Мына ушул берене Куловго тиешелүү. Бирок Биринчи Май райондук соту Кулов соттолгондон кийин дагы бир жаңы кылмыш жасаган деп туруп, 38-берененин негизинде чечим чыгарып койгон. Бул эки берене таптакыр эки башка. Себеби, 38-берене өкүмдөрдүн жыйындысы болуш керек. А 37-берене болсо кылмыштардын жыйындысы боюнча чечим кабыл алына турган берене.

Бекназаров андан ары пикирин мындай улантты:

- Ошонун кесепетинен жана 61-беренени туура эмес колдонгондуктан жаза өтөө мөөнөтү 2001-жылдын 26-июлунан тарта эсептелсин деп өкүмдө туура эмес жазылып калган. Ушундан улам Кулов түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө чыкканга аргасы жок болуп атат. Биринчи май райондук соту өкүм чыгарып жатканда Кулов 2000-жылдын 22-январынан 2002-жылдын 8-майына чейин абакта олтурган деп, өзүнчө чечим чыгарып, бир күнү эки күнгө эсептелсин жана мурдагы өкүм эске алынсын деп кошуп коюш керек эле. Сот аны жасаган эмес. Мына ушуну менен 61-берене бузулуп жатат.

«Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев Куловдун ишин караган соттор мындай чечимди мурдатан билип туруп, атайылап чыгарган деген ойдо:

-Соттор атайылап мыйзам бузууга барып, Феликс Кулов президенттик шайлоого чейин түрмөдөн чыкпай тургандай кылып жасашкан.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети Юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын Кулов абактан 2005-жылдын ноябрь айында чыгат деген бүтүмүн колдогон Сокулук райондук соттун чечимин жокко чыгаруу арызы менен Жогорку сотко кайрылууну Куловго сунуш кылды.

Куловдун адвокаты Любовь Иванова андай мүмкүнчүлүк бар экендигин белгилөө менен бирге жакында БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылаарын билдирди:

-БУУнун адам укуктары боюнча комитетине билдирүүм даяр. Мен аны кийинки жумада же 26-октябрда БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссардын кеңсесинин өкүлү Рейн Мюллерсен Кыргызстанга келгенде ага тапшырам. Билдирүүдө Куловго карата кылмыш иштерин кароодо кандай мыйзам бузуулар болгондугунун баары жазылган. Ал БУУнун адам укуктары боюнча комитетинде каралат.

Любовь Иванованын айтымында, Жогорку соттун президиуму пайда болгон жаңы жагдайлардан улам арызды карашы же Башкы прокуратура Жогорку соттун токтомун жокко чыгаруу же өзгөртүү тууралуу аныктама бериши толук мүмкүн. Бирок ага жогорку сот бийлигинин каалоосу зарыл.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын Куловдун арызын караган комитети мындан ары 1960-жылкы Кылмыш-жаза кодексининин 59-,60- жана 61-беренелерин туура эмес пайдаланууга жол бербөө үчүн атайын түшүндүрмө иштеп чыгууну Жогорку соттун Пленумуна сунуш кылды. Жогорку соттун басма сөз катчысы Нурия Иманкулова сотко комитеттин чечими келе электигин жана сот ал тууралуу азырынча эч кандай түшүндүрмө бере албасын билдирди:

-Аталган маселе боюнча Жогорку Сотко азырынча эч кандай документ түшө элек. Ошон үчүн Жогорку сот аны документ түшкөндөн кийин гана карарын айта алам.
XS
SM
MD
LG