Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Ошто окуучулар пахта теримге чыгышты


ОШ. Учурда пахта терим иштери кызуу жүрүп, аба ырайынын өзгөрүшү, суушу күтүлүп жаткандыктан жана жумушчу күчтөрдүн жетишсиздигине байланыштуу Карасуу районунун Жоош, Отузадыр, Кашкаркыштак, Шарк айыл өкмөттөрүндө, Араван районунун Төөмоюн айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептердин 8-9-10-класстарынын окуучулары толугу менен пахта теримге чыгышты. 7-класска чейинкилер күчкө кире элек балдар катары, 11-класстар алдыда жооптуу сыноо тургандыгына байланыштуу окууларын улантышууда. Мектептен бошотулган окуучулардын бир тобу өз ата энелерине, туугандарына, бир бөлүгү өздөрүнчө топ түзүп алышып, пахталарын терип үлгүрө албай жатышкан дыйкандарга жардам беришүүдө.

XS
SM
MD
LG