Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

АКИпресс маалымат агенттигинин түштүк бөлүмү ачылды


ОШ. 14-октябрь күнү Ош шаарында «АКИпресс-Фергананын» ачылыш салтанаты болуп өттү. Ага мамлекеттик жана коомдук уюмдардан, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен жана Евразия фондунан өкүлдөр катышты. Жүз ачар аземде «АКИпресс» маалымат агенттигинин аткаруучу директору Евгений Гопкала түштүк бөлүмүнүн ишмердүүлүгү Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын Фергана өрөөнүндө жайгашкан жети облусун ичине камтый тургандыгын айтып, аймактагы акыркы жаңылыктарды интернет баракча аркылуу кыргыз, өзбек, орус жана англис тилдеринде таркатып турарын белгиледи. Мындан сырткары салтанатта маалымат жыйындарын, брифингдерди өткөрүү, саясатчылар жана бизнесмендер катышкан дебаттарды уюштуруу «АКИпресс Фергананын» келечектеги негизги иш багыттары экендиги жөнүндө сөз болду.

XS
SM
MD
LG