Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Ыссыккөл облусу боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы


КАРАКОЛ. Облус боюнча бул саясий өнөктүккө шайлоочулардын 67,1 пайызы катышып, жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлер үчүн өз добуштарын беришти. Саясий өнөктүккө Аксуу жана Жетиөгүз райондорунун шайлоочулары активдүү катышты. Атап айтканда бул райондордо шайлоочулардын дээрлик 70 пайыздан ашыгы татыктуу талапкерлерди тандашты.

Ал эми «Алга, Кыргызстан!» саясий партиясынан 149, «Адилет» партиясынан 129, «Жаңы күч» партиясынан 189 же жалпы алганда 567 талапкер депутаттык мандатка ээ болушту. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жоомарт Барктабасовдун шайлоо адилеттүү жана калыс өттү деген пикирине Каракол жарандык «Бирлик» коомдук бирикмесинин координациялык кеңеши кошулбайт. Ал эми «Социал демократиялык» партиянын облустагы бөлүмүнүн лидери Докдурбай Мусабековдун айтымында, жергиликтүү кеңештерге шайлоо мурдагы саясий өнөктүктөрдөн эч айырмаланган жок.

XS
SM
MD
LG