Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Энергетика тармагын менчитештирүү кийинкиге калды


БИШКЕК. Президент жана өкмөттүн «Энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабы» жөнүндөгү программасын Мыйзам чыгаруу жыйынында кезексиз кароо тууралуу сунушу бүгүн үчүнчү ирет палатада колдоо тапкан жок. Маселени жыйындын күн тартибине киргизүү добушка коюлганда ал болгону 30 депутаттын добушун алды. Ошого байланыштуу төрага Абдыганы Эркебаев энергетика тармагын менчиктештирүү белгисиз мөөнөткө кийинки калтырылганын билдирди.

Аткаруу бийлиги эл аралык каржы уюмдарынын сунушуна ылайык тармакты менчиктештирүүнүн төртүнчү этабында «Түндүкэлектро» акционердик коомун концессияга берүү, ал эми «Кыргызгазды» менчиктештирүү жагын караштырган. Ал эми оппозициялык маанайдагы депутаттар буга кескин каршы чыгышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG