Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

Менчиктештирүүнүн жаңы программасы карала баштады


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-2006-жылдардагы менчиктештирүү программасын карай баштады. Программа тууралуу депутаттарга Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков маалымат берди.

Анын айтымына караганда, программага киргизилген 143 мамлекеттик ишкана, мекемелерди менчиктештирүүдөн 400 миллион сом түшөөрү болжолдонууда. Бирок каражат мындан аз же көп түшүшү ыктымал. Ал инвесторлордун катышуусуна жараша болот. Маселен, 2001-2003-жылдагы менчиктештирүүдөн 900 миллион сом күтүлсө, болгону 556 миллион сом гана түшкөн. "Анткени кээ бир обьектилер сатылбай калды", деп белгиледи Сатыбалды Жээнбеков.

Жаңы программа боюнча депутаттар 15-октябрда сөз сүйлөөнү башташат. Талкууга премьер-министр Николай Танаев катышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG