Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Өзбекстан Кыргызстандагы уран жаатындагы алакаларга тынчсызданууда


БИШКЕК. Чет мамлекеттен жаратылыш уранын алып келип иштетүүгө кыргыз өкмөтү Карабалта тоо-кен комбинатына лицензия бере элек. Бул тууралуу аталган ишкананын кеңешчиси Жалгап Казакбаев бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Ал эми Өзбекстан Кыргызстандагы Карабалта тоо-кен комбинатынын чет өлкөлөр менен уран калдыктарын иштетүү тууралуу келишимдерди түзүп атканына тынчсызданат. Бул тууралуу 13-октябрда Ташкенде Өзбекстандын жаратылыш ресурстары боюнча мамлекеттик комитети уюштурган "тегерек үстөлдө" айтылды.

Эскерте кетели, Карабалта тоо-кен комбинаты "РВ Нюкем" компаниясы менен 1800 тонна урандуу материалды иштетип берүү тууралуу келишимге 2004-жылдын башында кол койгон. Жалгап Казакбаевдин пикиринде, бул чет өлкөдөн келчү материалдын 95% графит, 3-5 пайызын уран түзгөндүктөн экологияга эч кандай зыяны жок. Ал эми премьер-министр Николай Танаевдин өкмөттүн жыйынында бул өңдүү келишимдерге жол бербейбиз деп айтканы бар.

XS
SM
MD
LG