Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

ООЗ АЧКАНГА КЕЛГЕНДЕ СҮЙҮНГӨНҮМДҮ АЙТПАГЫЛА!


Рамазан айынын башталышы менен дүйнө жүзүндөгү мусулмандар орозо кармап, беш парзынын бирин аткарышат. Ал эми мусулмандар азчылыкты түзгөн Батыш мамлекеттеринде ислам дини менен жакындан таанышууга, анын маани-мазмунун билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир нече жыл мурун Кошмо Штаттары менен Британияда мусулман эмес студенттер арасында бир күн болсо да орозо кармап, соопчулукка акча чогултуу демилгеси башталган.

АКШнын Тенесси штатында окуган Санжана Ахмад ал орозо кармаганда курсташтары дайыма кызыгып, толгон-токой суроо берчү дейт. 2001-жылдан тарта болсо анын университетинде орозо айында атайын иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Мусулман эмес студенттер жок дегенде бир күн орозо кармап көрүп, үйсүздөргө тыйын-тыпыр чогултуп беришет:

-Элге бул демилге жагып калды. Менин жатаканамда ал салтка айланды. Мусулман эмес окуучулар үчүн бир күн бою кофесиз, тамекисиз чыдап, бирөө жөнүндө жаман сөз айтпай, ички дүйнөсүн тазартуу өтө кызыктуу. Анан да аларга ооз ачкан жагат. Адатта мусулман үй-бүлөлөр тамак-аш бышырып келип, улуттук даамдарынан ооз тийгиздиришет. Орозо кармагандар бири бири менен таанышып, ой бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышат, - дейт Санжана.

Анын айтымында, жыл сайын орозо кармаган мусулмандар эместердин саны өсүүдө. Мисалы, быйыл 26-октябрда өтүүчү иш-чарага 120 чакты университет катышканы жатат. Ал эми анын эртеси, мухиттин бери жагында, британиялыктарга ушундай эле долбоор сунуш этилмекчи.

“Ислам үйрөнүү аптасы” деп аталган программанын демилгечилери башка конфессиялардын өкүлдөрүнө ислам, мусулмандардын жашоо-турмушу жөнүндө маалымат берүүнү көздөшөт.

-Бул долбордун максаты мусулмандар эместерди Орозо жана жалпы эле ислам тууралуу кабардар кылуу. Биз мына ушундай жашайбыз, бир ай бою ушундай өткөрөбүз. Бизге кошулуп, ислам жөнүндө көбүрөөк үйрөнгүлө дейбиз, - деп кеп салат мусулман студенттердин федерациясынын өкүлү Сулайман Муула.

Бир күн болсо да орозо кармоо оңой эместигин көпчүлүк мусулман эмес студенттер өз тажрыйбасынан түшүнүштү.

Пол Данлоп соорго ойгоно албай, кыйналганын айтып:

-Түштөн кийин саат 4 ченде жаман болуп, чыдабай бир аз суу ичтим. Университеттин китепканасында отуруп, сабакка даярданайын дедим эле, курсагың ачка кайсы окуу болсун! Ооз ачканга келгенде сүйүнгөнүмдү айтпагыла!

Пол быйыл да акцияга катышканы жаткандыгын айтат:

-Мен өзүмдү өтө маанилүү бир нерсеге катышып жаткандай сездим. Ички дүйнөмө кайрылып, "мен киммин?" деген суроого жооп издөөгө аракет кылдым. Мен ошондой эле 30 күн орозо кармай албай турган киши экениме көзүм жетти!.
XS
SM
MD
LG