Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

14-октябрда Конституциялык сот төрт атуулдун арызын карап, аны канааттандырды. Арызда Мыйзам чыгаруу жыйыны 2002-жылы 23-июлда кабыл алган "Атуулдардын тынч жол менен куралсыз чогулуп, митинг, пикет, жүрүш жана демонстрацияларды өткөрүү укугу жөнүндөгү" мыйзамдын Конституциянын 16-беренесинин 14-бөлүмүнө каршы келери белгиленип, ошого байланыштуу анын 5-6-7-беренелерин жокко чыгаруу өтүнүчү билдирилген эле. Коомчулуктун өкүлдөрү Конституциялык соттун бейшемби күндөгү чечимин оң баалап жатат. "Бирок бул чечим менен эле адамдардын эркин чогулуу укугу кепилденип калбайт", деген пикирлер да айтылууда.

“Атуулдардын тынч жол менен куралсыз чогулуп, митинг, пикет, жүрүш жана демонстрацияларды өткөрүү укугу жөнүндөгү” мыйзам долбоору 2002-жылы кабыл алынган. Ага чейин беш жыл бою ал маселе парламентте каралбай жаткан. Өкмөт, депутаттар Алымбай Султанов, Оксана Малеванная жана Өмүрбек Текебаевдин жекече мыйзам долбоорлору бири-бирине карама-каршы келип, маселени кароо создуктурула берген. Бирок каргашалуу Аксы окуясынан кийин мындай мыйзамды кабыл алуу зарылдыгы күчөгөн.

Депутаттар көптөгөн талкуулардан соң 2002-жылдын июль айында Өмүрбек Текебаевдин вариантын негиз кылып, “Атуулдардын тынч жол менен куралсыз чогулуп, митинг, пикет, жүрүш жана демонстрацияларды өткөрүү укугу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Бирок төрт атуул быйылкы жылдын май айында Конституциялык сотко кайрылып, ал мыйзамдын Конституциянын 16-беренесинин 14-бөлүгүнө каршы келгендигине байланыштуу аны жокко чыгарууну өтүнгөн. Сот бейшембиде ишти карап, атуулдардын суранычын канааттандырды.

Соттун чечими тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов мындай пикирин билдирди:

-Конституциялык соттун чечими өтө туура болду. Бул беренелердин Конституцияга каршы келери баарыбызга маалым болчу. Мыйзам чыгаруу жыйынында ал маселе көтөрүлгөндүгүнө карабай чечим кабыл алына элек болчу. Атуулдардын жеке кайрылуусу менен Конституциялык соттун чечими биздин депутаттардын начар иштеп жаткандыгын белгилеп койгондой болду. Болбосо биз биринчи кезекте андай чечимди кабыл алышыбыз керек эле.

Ал эми укук коргоочу Турсунбек Акун соттун чечимин оң баалап, мындай оюн ортого салды:

-Бул мыйзамдын беренелери бири-бирине карама каршы келип, биздин эркин чогулуу боюнча Конституциялык укугубузду бузуп келген. Мына ушул мыйзамдын негизинде мени 7 жолу соттошуп, 7 миң сом айып салынды. Бул мыйзам өзгөрүш керек эле. Конституциялык соттун чечимин биз толук колдойбуз.

“Конституциялык соттун чечими туура болду, бирок муну менен атуулдардын эркин чогулуу укугунун сакталуусуна күмөн бар”, дейт “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев:

-Менин оюмча, бул жерде бийлик дагы да бул чечимге каршы чыгат. Эми мыйзамды оңдош керек. Аны оңдогонго көп убакыт керек. Андан сырткары митинг, жүрүштөргө жолто коюучу Бишкек шаардык кеңештин токтому бар. Аны да өзгөртүү керек. Ошондуктан менин оюмча, бул маселе президенттик шайлоо бүткөнчө толук чечилбейт.

2002-жылдагы мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулардын бири Өмүрбек Текебаев мыйзамдын Конституцияга каршы келбесин, ал эми так жооп бериш үчүн Конституциялык соттун чечими менен таанышуусу керектигин билдирди.

Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков Конституциялык соттун бейшембидеги чечими менен тааныш эместигин билдирди.

“Mыйзамдын үч беренеси күчүн жоготкондон кийин анын орду тез арада толтурулуш керек”, дейт Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов:

-Биздин депутаттар митинг, пикет, демонстрацияга чыгууну каалагандардын канча күн калганда кабар берүүсүнүн жолун тез арада иштеп чыгыш керек. Бир эле аянтта, бир эле жолдо эки-үч демонстрация болушу ыктымал. Мына ушуга жол бербеш үчүн тез арада Конституцияга ылайык мыйзам кабыл алып, кабар берүүнүн жолун чечмелеп берүүгө тийиш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG