Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

Америкадагы президенттикке талапкерлер ортосундагы телеайтышты – адатта катардагы калк шайлоо алдында элдин көңүлүн алаксытууну көздөгөн саясий шоу катары кабылдашат. Бирок аналитиктер жакында президент Буш менен анын башкы атаандашы Керринин ортосундагы үч жолку телетаймаш шайлоочулардын бүйүрүн бир топ кызытып, эки талапкердин беделине таасир эткенин айтышат.

Америкада быйыл президенттик шайлоо кампаниясы башталгандан бери коомчулукта Ирактагы согуш, өлкөнүн экономикалык абалы туурасында кызуу талаш-тартыштар жүрүп келатат. Ошондуктан президент, республикалык партиянын өкүлү Жорж Буш менен демократтардын талапкери, сенатор Жон Керринин ортосундагы телеайтыштар да элдин бүйүрүн кыйла кызытып, социологиялык уюмдар быйылкы дебаттарды теледен көргөн америкалыктардын саны адаттан тыш арбын болгонун кабарлашты.

Вашингтондогу Америкалык университеттин профессору Алан Лихтман бул телетаймаштарда сенатор Керри өзүн кыйла ишенимдүү карманып, Ирак, терроризмге каршы күрөш, АКШ экономикасы боюнча көз карашын мурдагыдан так, ачык айтканын белгилейт. Атаандашынан айырмаланып, президент Буш айрым учурларда чыдабай ачууга алдырып жиберген убактар болду, - дейт профессор Лихтман:

-Жорж Буш азыркы президент катары шайлоо өнөктүгүн Керриге караганда бир топ оңтойлуу жагдайда баштаган. Бирок ошол артыкчылыктардын көбүн ал үч жолку телеайтышта жоготкон өңдүү. Мен бул жерде дебаттардан кийин шайлоочулардын баары Керри тарапка бурулду дегеним жок, болгону аларда Керринин өзүн өтө ишеничтүү кармаганы – Буштун шайлоо кампаниясын баштагандагы артыкчылыктарын кемитти демекчимин.


Вашингтондук саясат таануучу Алан Лихтмандын бул пикирин Кошмо Штаттардагы көпчүлүк социологиялык уюмдардын изилдөөлөрү да ырастайт. Алсак, 30-сентябрдагы алгачкы телеайтыштын алдында Керринин эл арасындагы кадыры президент Буштукуна караганда 5, айрым учурларда 10%га төмөн болсо, ал күнкү бетме-бет жолугушуудан кийин экөөнүн рейтинги дээрлик бирдей болуп калган. Кийинки эки жолку теледебаттан кийин деле эки атаандаш бирдей калыпта келатышат.


Жорж Вашингтон университетинин саясий башкаруу факультетинин деканы Денис Жонсон теледебаттар шайлоочулардын көз карашын бир аз өзгөрткөнү менен, азыр да эл кимге добуш берерин болжолдош кыйын деп эсептейт:

-Менимче, талапкерлер азыр айрым опуртал окуяларга да көз каранды абалда, айталы, террордук акт, же Ирактан келген жаман кабарлар бардыгын өзгөртүп жибериши мүмкүн. Талапкерлер ушундай жагдайларды эске албаганда, азыр шайлоого эки жума калганда, кимге добуш берерин аныктай элек адамдарды өзүнө тартууга аракет жасап, штаттарды кыдырып, элге кайрылышы керек.


Деннис Жонсон андан ары Америкада эл кимге добуш берерин алдын-ала айтуу дайыма эле кыйын, бирок быйылкы шайлоого калк мурдагыга караганда активдүү катышаары айкын деген пикирин кошумчалады:

-Ар бир штатта жүз миңдеген кишилер добуш берет, биз алар кандай кишилер, кимди тандашаарын кайдан билебиз. Алардын көбү демократтарбы же республикачыларбы – ал да белгисиз. Ошондуктан эң башкы маселе 2-ноябрдагы шайлоодо чечилет.

Вашингтондук аналитик Лихтмандын пикиринде, демейде Америкадагы президенттик шайлоого элдин жарымына жакыны катышса, быйыл ал көрсөткүч ашып кетсе 55%га жетиши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG