Бу факты босниялык серб республикасынын атайын комиссиясы жарыялаган докладда ырасталган. Документте кыргынды серб отряддары жасагандыгы да моюнга алынат. Сребреницада канча адам кырылганы азыр толук тактала элек. Комиссия дүйнөлүк коомчулуктун кысымы менен былтыр түзүлгөн эле.