Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Фаллужада ири масштабдуу операция башталды


Авиациянын жана танктардын коштоосу менен америкалык аскерлер шаарга жапырык жасап жатышат. Орозо айынын алгачкы күнү башталган бул иш ирактыктарды дүрбөөнгө салышы ыктымал. Докторлордун бири ырастагандай, сыдырга маалында беш адам набыт болду, жарадарлардын саны он алтыга жетти. Багдадда кечээ эки жанкечти жасаган кыянаттан он кишинин өмүрү кыйылды, алардан төртөө - америкалык адистер. Жарадар болгон жыйырмадан ашуун адамдын арасында да америкалык элчиликтин кызматкерлери бар. Кечээги кыянат үчүн жоопкерчиликти “Тавахид вал-жихад” тобу өзүнө алды. Ошол эле күнү жол көбөөлүнө көмүлгөн бомбадан Багдадда дагы бир америкалык солдат мүрт кетип, экөө жарадар болду.

XS
SM
MD
LG