Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

БЕЛАРУС ПРЕЗИДЕНТИНЕ ШАЙЛООГО ҮЧҮНЧҮ ИРЕТ КАТЫШУУГА УКУК БЕРИЛЕТ


Нарын АЙЫП, Прага 17-октябрда Беларуста кезектеги парламенттик шайлоо жана аны менен кошо референдум өткөрүлөт. Референдумга - азыркы президент Александр Лукашенкого келерки президенттик шайлоого катышууга уруксат берүү маселеси коюлган жана көпчүлүк экперттердин пикиринде, анын жыйынтыгы кандай болоору азыртан эле белгилүү.

Александр Лукашенко президент болуп 1994-жылы беш жылга шайланган. Бирок 1996-жылы дароо референдум өткөрүп, өзүнүн биринчи президенттик мөөнөтүн эки жылга узартып алган, ошондуктан кийинки шайлоо 1999-жылы эмес, 2001-жылы өткөрүлгөн. Эмки шайлоо 2006-жылы болууга тийиш жана Лукашенконун ага катышууга укугу жок. Анткени конституция боюнча эч ким эки жолудан ашык президент болуп шайланбаш керек. Анткен менен 17-октябрда өтө турган референдумда Лукашенкого андай укук бериле тургандай.

Минск шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти Валерий Карбалевичтин айтымында, бийликке эмне керек болсо, референдумдан ошондой жыйынтык чыгат:

-Референдумдун жыйынтыктары бурмаланат дегенде баары - добуштарды саноо учурунда бурмалоо болот деп ойлойт. Чындыгында биздин шайлоодо эч кандай саноо да болбойт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жөн гана президенттик администрация менен макулдашылган санды жарыялап коёт.

Чындыгында 17-октябрга кезектеги парламенттик шайлоо дайындалып, кийин гана аны менен кошо референдум өткөрүү чечими кабыл алынганы менен, эл азыр негизинен референдум тууралуу гана сөз кылууда, анткени беларустар үчүн ал алда канча маанилүү.

Бийликте азыркы президент Лукашенко турганча, парламенттик шайлоо дайым ал каалагандай жыйынтык менен аяктайт. Парламенттеги 110 орундун азыр төртү гана оппозициялык саясатчыларга таандык жана шайлоодо ошол төрт орунду да сактап калуу - чоң маселе. Өлкөдө 17 партия бар, бирок алардын маалымат каражаттары аркылуу элге кайрылууга мүмкүнчүлүгү аз.

Референдум өткөрүү планы жарыялангандан бери бийлик онго жакын эркин гезитти жапты, мамлекеттик маалымат каражаттарында болсо оппозициялык саясатчылардын көз карашы чагылдырылбайт. Алар тарабынан парламентке көрсөтүлгөн талапкерлердин жарымынан көбүн шайлоо комиссиялары каттабай койгон. Комиссиялар негизинен тиги же бул ишканалардын жамааттары көрсөткөн талапкерлерди каттады, алар болсо бийлик тарабынан ишканалардын жетекчилиги аркылуу көрсөтүлгөн. Карбалевичтин айтымында, шайлоодо ким жеңип чыгаары алдын ала белгилүү:

- Ар бир шайлоо чөлкөмүндө бийлик тарабынан колдоого алынган талапкер бар жана ал кандай болбосун жеңип чыгыш керек. Жергиликтүү бийликке ал тууралуу так буйрук берилген. Акыркы жыйында Лукашенко аларга: "Силердин жеке тагдырыңар шайлоонун жыйынтыгына көз каранды", - деп ачык эле айтты.

Анткен менен Лукашенконун президенттик бийлигин чексиз узартуу аракеттерине каршы өлкөдө митинг-демонстрациялар да өтүүдө, бирок ага катышкандар бийлик тарабынан катуу куугунтукталат. Батыштан айтылган сын болсо өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары бааланат.

Президенттик администрациянын башчысы Урал Латыпов жакында сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмун катуу сынга алды. Анын айтымында, бул уюм өтө эле саясатташып кеткен, анткени праламенттик шайлоо алдында оппозициялык талапкерлерди гана колдоп жатат.

Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси болсо 5-октябрда атайын мыйзам кабыл алып, Беларуста демократия орнотуу аракеттерин колдоого алыш керек деп чечти. Ал чечимди эми Сенат бекитүүгө тийиш, президент Лукашенко болсо аны келесоо аракет деп атады:

- Бул жөн гана биздин өлкөгө жасалып жаткан келесоо басымдын фактору.
XS
SM
MD
LG