Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

16-октябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 16-октябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Тоолорго кар түшөт.

Республика боюнча абанын температурасы:
ЫСЫККӨЛ, ЧҮЙ облустарында түнкүсүн –1 градустан –3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +1…+6 градус жылуу.
ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН, ОШ аймактарында түнкүсүн 0…+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0…-2 градус суук болот. Күндүз +4…+9 градус жылуу болушу күтүлөт.
ТАЛАС, НАРЫН дубандарында түнкүсүн –2…-5 градус суук, күндүз 0…+5 градус жылуу.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн –1…-3 градус суук, ал эми күндүз +3…+5 градус жылуу болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG