Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Босния жана Герцеговинанын тышкы иштер министри келет


БИШКЕК. 16-октябрда Кыргызстанга Босния жана Герцеговинанын тышкы иштер министри Младен Иванич баштаган делегация иш сапары менен келет. Делегациясынын курамында ал өлкөнүн Тышкы соода палатасынын жетекчиси Милан Ловрич да бар.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, чет элдик делегация мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, өкмөт башчы Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, экономиканы өнүктүрүү, соода жана өнөр жай министри Амангелди Муралиев менен жолугушат. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана учурдагы Ооганстандагы абал талкууга алынат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG