Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Корруппцияга каршы күрөшүү маселелери талкууланды


БИШКЕК. Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүдө оң натыйжага жетишүү үчүн эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен системалык түрдө иш жүргүзүү керек. Өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарын эларалык стандарттарга ылайыкташтыруу зарыл.

Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында «Коррупцияга каршы күрөшүүнүн улуттук, эларалык укуктук жолдору жана алдыңкы тажрыйбалар» деген аталышта өткөн эки күндүк жыйында айтылды. Өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн билдиришкендей, бул жыйында коррупцияга каршы күрөшүүдөгү эларалык инструменттер жана механизмдер, аны ишке ашыруудагы эларалык тажрыйба талкууланды.

Жыйынга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азиядагы кылмыштуулук жана маңзаттар боюнча башкармалыгынын, ошондой эле президенттин администрациясынын, өкмөт аппаратынын, ички иштер органдырынын өкүлдөрү жана эларалык эксперттер катышты.

XS
SM
MD
LG