Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Борбор Азия кызматташтык уюмунун жыйыны Дүйшөмбүдө өтөт


БИШКЕК. 17-18-октябрда Дүйшөмбүдө Борбор Азия кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги отуруму болот. Анда башкы маселе катары Орусиянын бул уюмга кирүү жөнүндөгү сунушу каралат. Кыргызстан Орусиянын Борбор Азия кызматташтык уюмуна мүчө болушу үчүн добуш берет. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев билдирди.

Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын өлкө башчылары Дүйшөмбүдө өтө турган жыйында ошондой эле Борбор Азия регионундагы коопсуздук маселелерин, соода-экономикалык кызматташтыкты, Ооганстан менен болгон алакаларды жакшыртуу маселелерин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG