Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Президенттин үй сатып алгандыгы тууралуу кайчы пикирлер


БИШКЕК. Мамлекет башчысы Аскар Акаевдин Москвадан ири суммадагы каражатка турак жай сатып алгандыгы тууралуу маалымат түрдүү пикирлерди жаратты. Кыргыз оппозициясынын айрым өкүлдөрү соңку жылдары эң жогорку аткаруу бийлик өкүлдөрү тарабынан элдин миллиондогон доллардык байлыгы жең ичинен таланып жаткандыгын айтышып, мамлекет башчы тууралуу жогорудагыдай маалыматка анча деле таң калышпайт:

- Аскар Акаев алты миллион эмес, андан чоң акчага деле үй сатып алса деле оппозиция күмөн санабайт. Эки аптадан бери парламентте айтылгандай он үч жылдан бери менчиктештирүүдөн түшкөн миллиондогон акча кайда? Демек, ал акчалар мына ошого окшогон үйлөрдү сатып алууга кетип жатат.

Ал эми "Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар" ассоциациясынын башчысы Токтайым Үмөталиева президент Аскар Акаевди күнөөлөш туура эмес дейт:

-Бул анча деле чоң каражат эмес. Себеби Аскар Акаев өзүнүн ар бир окуган лекциясына деле ушундай үй сатып алса болот. Ошондуктан Акаевди күнөөлөштүн кереги жок.

Ал эми "Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын" башчысы Турсунбек Акун болсо мамлекет башчынын маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин билдирүүсү тууралуу төмөндөгүдөй оюн ортого салды:

-Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин айтканында эч кандай негиз жок. Анткени президентти жалган жерден караласа Америка же Орусиянын журналисти болсо деле сотко берсе болот. Демек, сотко бере албагандан кийин жогорудагыдай маалымат туура дегенди түшүндүрөт.

XS
SM
MD
LG