Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

НАТОнун Ооганстандагы миссиясы боюнча альянстын мүчөлөрү арасында эки башка пикир бар экени шаршемби күнү ачык болду. Азыр америкалык аскерлер Ооганстанда аткарып жаткан миссия Түндүк Атлантика уюмуна өтсүн деген АКШнын сунушуна Германия каршы чыкты. Бирок НАТОнун башкы катчысы Вашингтондун тарабын алып, Ооганстандагы эки миссияны бардык операцияларды жетектеген бир командачы башкарганы оңдуу деген сунушту айтты.

Вашингтондун максаты мүмкүн болушунча эртерээк же 2005-жылдан тартып, Ооганстандагы АКШлык аскерлерге жүктөлгөн миссияны НАТО өткөрүп берүү. Бу сөз шейшемби күнү АКШнын НАТОдогу элчиси Николас Бернстин оозунан чыкты.

Элчи Вашингтондун мындай планын АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд менен Румынияда өтчү НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына баратып жасады.

Учурда Ооганстанда америкалык 18 миң жоокер бар. АКШлык аскерлер талиптердин жана “ал-Каиданын” калган-каткан күчтөрүнүн изин кууп, күнү-түнү жоо бетинде.

Ал эми НАТОго караштуу 9 миң жоокер борбор калаа Кабулдун коопсуздугун камсыздайт жана жакында Ооганстандын түндүк аймактарында күзөт иштерин аткара баштады. Тынчтык миссиясын аткарган аскерлердин 2,5 миңи германиялык жоокерлер. Немец жоокерлери америкалыктардан кийинки чоң күч.

АКШлык элчинин Ооганстандагы бардык аскерий операцияларды НАТОго өткөрүп берүү жөнүндөгү үндөөсүн Германия жактырбады. Өлкөнүн коргоо министри Питер Струк шаршемби күнү Пояна Брасовдогу НАТОнун жыйыны алдында кабарчылар менен болгон кездешүүдө “альянстын аскерлеринин вазийпасы эларалык терроризмге каршы күрөшүү эмес, Ооганстандагы стабилдүүлүктү камсыздоо” деп билдирди.

Вашинтондун планын Франция да колдогон жок. “Ооганстандагы коалициялык күчтөр эки башка миссияны аткарышкандыктан, аларды бирдиктүү командачылыктын астына коюу натыйжалуу болбойт”, - дейт Франциянын коргоо министри Мишель Алиот-Мари айым.

Берлин менен Парижде жоокерлер АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн командачылыгы астында болсо алардын өмүрүнө коркунуч өсөт жана саясый оппозициянын каршылыгын жаратат деп кооптонушат.

Ошентип, Вашингтондун сунушун Ирак согушуна башынан каршы Германия менен Франция колдобой жатканы менен, НАТОнун башкы катчысы Яап де Хооп Скефер АКШнын чакырыгын колдоп, абалды курчутпоочу оюн ортого салды:

- (Ооганстанда) эки башка миссия аткарган күчтөрдү узак мөөнөт кармоо оңтойлуу эмес. Ошон үчүн, эки миссияны бириктирүүнүн амбициялуу планы даярдалган. Андан улам, бул маселени альянс дагы тереңдетип, анын майда-чүйдөсүн талкуулаары анык деп ойлойм.

Скефер айткан сунушка ылайык АКШлык жана НАТОлук аскерлер келечекте да өз миссияларын азыркыдай эле аткара беришип, бирок жалпы командачы бирөө болот. Бирок бул иш 2 жыл арасында ишке ашырат.

Британиянын коргоо министри Жеф Хун Ооганстандагы коалициялык күчтөрдү бириктирүү маселеси эч чатаксыз чечилет деген ишеничте. “Бизде Германиянын же башка өлкөлөрдүн кызыл чызыгын аттаганга эч кандай жүйө жок,” деген оюн айткан Жеф Хун “Файниэншль Таймс” гезитене берген интервьюда.
XS
SM
MD
LG