Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Орусия президенти Путин Бээжинде Кытай жетекчилери менен жолукту


Кечээ күнү Кытайга келген орус президенти Владимир Путин бүгүн Бээжин шаарында өлкө өкмөтүнүн башчысы Вен Цзябао менен жолукту. Кечээ күнү ал Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао менен кездешкен. Хунун айтымында, Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулушун Кытай колдойт. Ху менен Путин бир нече эки тараптуу келишимге кол койду, алардын арасында чек ара боюнча биргелешкен декларация да бар жана тараптардын айтымында, эми Кытай менен Орусия ортосунда чечилбеген чек ара маселеси калган жок:

- Биргелешкен декларация чек ара маселеси чечилгенин бекитет. Биздин 4300 чакырымга уланган чек ара коопсуздук чеги жана эки өлкө элинин достук кызматташуу аймагына айланат,- деди Ху.

Ишемби күнү Путин Кытайдан Тажикстанга келет.

XS
SM
MD
LG