Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Америкалык аскерлер Ирактын Фаллужа шаарына чабуулун кечээтен бери улантып жатышат. Бүгүн эртең менен аскердик учактар Абу Мусаб Ал-Заргавинин тарапкерлери жашынган деп шектелген көптөгөн обьекттерди бомбалашты. Аскердик операция бейшембиде Багадда болгон террордук кол салуудан бир нече саат өткөндөн кийин башталды. Бейшембиде түш ченде Багдадда эки жанкечти-террорчу өзүлөрүн жардырып, беш кишинин ажалына калышты. Бир киши дайынсыз жок болууда, 20 чакты киши жараат алды. Курман болгондордун үчөө америкалык солдаттар экени маалымдалат.

Жанкечтилердин жардыруулары туш тарабынан чычкан жойлогуз кылып тосулган, Багдадда эң коопсуз жер деп эсептелген "жашыл зонада" болду. Эки террорчу кийимине катып келген бомбаларын сувенир саткан базар менен чет элдиктер тамактанган кафенин жанында ал жерге кишилер жык толгон түш ченде жардырышкан.

Бир нече мүнөттүн аралыгында болгон эки жардыруудан тегеректеги имараттар менен терезелердин быт-чыты чыгып, айлананы кара түтүн каптады. Жардырууну көргөн адамдар айлана көз ачып-жумганча кыйсыпыр түшүп, кишилердин ачуу кыйкырыгы, туш тарапка чачылган кийимдердин айрыктары, кишилердин дене мүчөлөрү, аккан кан менен чачылган тамак-аштын калдыктарынан көңүл караңгылашканын айтышат.

Терордук кол салуунун жоопкерчилигин Иорданиялык жаран Абу-Мусаб ал-Заргавинин тобу өзүнө алды. Мындан мурда эң коопсуз деп эсептелген "жашыл зонада" бир да террордук кол салуу болгон эмес. "Жашыл зонада" 10 миңдей адам: ирактыктар, чет элдик аскерлер, дипломаттар менен чет элдик кызматкерлер жашайт.

Жардырууларга кыжыры келген Ирак өкмөтү террорчуларга каршы жооп чабуул койгонго кесенди. Ирак өкмөтүнүн коопсуздук маселелери боюнча жооптуу кызматкери Касим Дауд:

-Бул айоосуз кан төгүү жазасыз калбайт. Мен террорчулардын баарына, алар ал-Заргавинин тарапкерлери, "ал-Кайыданын" кишилери же Саддамдын террочул элементтери болобу, аларды сөзсүз жеңээрибизди айткым келет. Биз аларга кайда барбасын, чабуул койобуз,- деди.

Айтканындай эле, терракттан эки саат өткөндөн кийин Америка менен Ирактын аскерлери Фаллужага чабуул койушту.

Аскерлер шаарга жасалган рейдде ал-Заргави баштаган көтөрүлүшчүлөр менен террорчулардын курал кампалары менен бир катар көмүскө таяныч пункттарын жок кылышканын маалымдашат.

Фаллужадагы ахвал жөнүндө анын бир тургуну буларды баяндайт:

-Кечээ кечинде көз ачырбаган бомбалоо болду. Бир үй-бүлө шаардан машине менен чыгып кетмекчи болду эле, аларга эки жолу бомба тийди...

Ыйык Орозонун айында тынчтык өкүм сүрүүсүн каалап турганын белгилешкен карапайым жарандар Ирак өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдү тынчыта алаарынан үмүт кылып жатышат.

-Орозодо тынчтык өкүм сүрүүсүн каалайбыз. Анткени бул ыйык ай. Ошон үчүн өкмөт бир айласын таап, көтөрүлүшчүлөрдү тынчытаарына үмүттөнөбүз,- дейт багададдык бир жаран.

Шаршемби күнү Ирак өкмөтүнүн башчысы Аяд Аллави Фаллужанын тургундарына кайрылып, ал-Заргавини өткөрүп берүүлөрүн талап кылган, болбосо Фаллужага чабуулдар күчөтүлө тургандыгын эскерткен. Өкмөт менен АКШ аскерлери Фаллужадагы көтөрүлүшчүлөрдү басып, аларды багындырууга жумалардан бери тынбай аракет жасап келатат. Бирок андан азырынча майнап чыга элек.
XS
SM
MD
LG