Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

ДҮЙНӨЛҮК ФЕСТИВАЛДА КУЛАТУУ КӨРСӨТҮЛДҮ


Кулатуу - кыргыз элинин күрөш, кармаш өнөрү. Анын негиздөөчүсү - физика-математика илимдеринин кандидаты, каратэ-до боюнча кара кур ээси Темир Турусбеков. Кулатуу күрөшүнүн башка чыгыш оюндары сыяктуу эле өз эрежелери, ыкмалары бар. Түндүк Кореянын борбору Пхеньян шаарында өткөрүлгөн жоокердик өнөрдүн дүйнөлүк биринчи фестивалында кулатууну кыргызстандык Павел Федотов эларалык аренада таанытып келди.

Сентябрь айынын аягында Түндүк Кореянын борбору Пхеньян шаарында өткөрүлгөн жоокердик өнөрдүн дүйнөлүк биринчи фестивалына 40 өлкөнүн 500дөн ашуун спортчулары катышты. Фестивалда спорттун 12 түрү боюнча мөрөй талашуулар болду. Айрыкча чыгыш элдеринин жоокердик өнөрлөрүнө болгон кызыгуу артты. Таэквандо, ушу, кикбоксинг, айкидо менен катар эле фестивалда кыргыз элинин кулатуу күрөшүнүн ыкмалары да көрсөтүлдү.

Кулатуу күрөшүнүн негиздөөчүсү-физика-математика илимдеринин кандидаты, каратэ-до боюнча кара кур ээси Темир Турусбеков мындай дейт:

-Кулатуу - эларалык аренага да тааныла баштады. Менин шакиртим Пафел Федотов жоокер өнөрлөрүнүн дүйнөлүк фестивалына барууга камынып, кулатууну атайын программага киргизип, комуз күүсүнүн коштоосунда ыкмаларды көрсөтүп, фестивалда биринчи орунду жеңип келди. Дүйнөлүк чыгыш өнөрүн изилдөөчүлөр да жогору баа беришиптир. Мындан сырткары Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда кулатуунун секциялары иштеп жатат. Астанада ар жыл сайын өткөрүлүп жаткан чыгыш өнөрү фестивалына да кулатуу күрөшүнүн балбандары катышууда. Кулатуудагы түртүшүү, жылаан, найза, калтек, калкан, кылыч жана башка ыкмаларына панкратион спорт түрүн да айкалыштырып жатабыз.

Кулатуу өнөрүн көрсөтүүдө Павелдин спорттук чебердиги, ыкмаларды аткаруудагы ийкемдиги жана коштоп турган комуздун күүсү жогору бааланганын адистер айтышууда. Фестивалда улуттук жоокер өнөрлөрүнөн малайзиянын силат, канаданын мылтык менен жоокер өнөрү жана гонконгдун ушу чеберлери байгелүү орунга жетти.

Ошондой эле Павел Федотов - таэквандо боюнча төртүнчү дан чебердигине ээ болгондуктан Пхеньяндагы дүйнөлүк фестивалда таэквондонун көрсөтмөлүү ыкмасы боюнча да таймашка чыкты. Мексикалык жана польшалык атаандаштарын жеңип, Павел Федотов дүйнө фестивалынын коло байгесинин ээси болду. Ошентип, Түндүк Кореядан Павел алтын жана коло байгелүү болуп келди.

Кулатуу федерациясынын мүчөсү Эмил Токтогонов устаты Павел Федотов тууралуу өз оюн мындайча билдирди:

- Устатым Павел өлкөнүн тай-бокс боюнча федерациясынын президенти. Андан таалим-тарбия алган эже-сиңди Шевченколор дүйнөлүк биринчиликтерди утуп жүрөт. Кулатууну Темир Турсубековдон өздөштүруп, анын ыкмаларын терең билгендиктен дүйнөлүк фестивалга катышып келди. Биздин өлкөдө эларалык мелдештерди уюштурууга демөөрчүлөр табылбай, улам кийинкиге калтырылып келүүдө. Кулатууну болсо дүйнө эли кызыгып, үйрөнүүгө дилгир болууда.

Кулатуу күрөшү - бабалардын мурасы элдик оюндардын негизинде түзүлгөн. Учурда өлкөнүн чегара кызматкерлери машыгууларды өткөрө баштаганын, эмки жылы Президенттин кубогуна арналган эларалык мелдеш өткөрүлөөрүн белгиледи Темир Турусбеков:

-Бүгүнкү күндө кулатуу баштаган элдик оюндар улуттук идеологиянын өзөгүн түзүшү зарыл. Бул өнөр - улан-кыздарды эл-жерин коргоого, мекенчил болууга, гармониялуу өсүп-өнүгүүгө гана тарбиялайт. Эмки жылы 31-августта Эгемендүүлүк майрамына карата Президенттин кубогун өткөрүп, кулатууну эларалык аренага тааныталы деп турабыз. Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан дагы эр жигиттерди чакырып жатабыз. Кулатуу күрөшү менен жеке эле чегарачылар машыкпастан, өлкөнүн күч органдарынын кызматкерлери тааныш болсо, өздөрүнө үчүн чоң табылга болмок. Муну мектептин окуу программасына киргизүүгө да аракет кылуудабыз.

Жоокердик өнөрдүн дүйнөлүк экинчи фестивалы 2006-жылы Канадада өткөрүлмөк болду.

Сүрөттө: кулатуунун чебери Павел Федотов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG