Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ КЫРДААЛ


Нарын АЙЫП, Прага 16-октябрда Багдад шаарындагы бир нече чиркөөдө жарылуулар болду, америкалык аскерлер болсо Багдаддын батышындагы Фаллужа шаарын курчоого алды. Кээ бир америкалык аскерлер арасында башчылардын буйругун аткарбаган мисалдар бар деген кабарлар тарады, ал эми АКШнын өзүндө согушка каршы элдик кыймылдар күч алууда.

16-октябрда Багдад жана анын айланасындагы алты христиан мечитинде удаасы менен бир нече жарылуу болду. Август айында дагы Багдаддын төрт чиркөөсүндө жардыруулар уюштурулгандан 11 адам каза тапкан. Азыркы жардыруулар - америкалык жана өкмөттүк аскерлер Фаллужа шаарын курчоого алган учурда жасалгандыктан, айрым байкоочулар аларды өкмөттүк чабуулга каршы багытталган аракет катары баалоодо. Кээ бир ирактык динаятчылардын айтымында, эгер америкалык аскерлер Фаллужага кирсе, бүткүл өлкө боюнча каршылык аракеттер башталат.

Америкалыктардын айтымында, "ал-Каида" уюмунун жетекчилеринин бири Абу Мусаб аз-Заркави Фаллужа шаарында жашынууда жана ошол себептен калаада көптөгөн кылмыштуу топтор аракеттенет. Ирактагы көпчүлүк террордук аракеттер дал ушул адамдын жетекчилиги алдында жасалууда деп, Вашингтон анын башы үчүн 25 миллион доллар сыйлык жарыялаган. Бирок Ирак жетекчилигинде улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчи болуп иштеген Касим Дауддун айтымында, кандай болгон учурда дагы бул террорчулар акыр-аягында жеңилет: "Террорчулар билип алсын деп мен дагы бир жолу айтам - бул аз-Заркави менен 'ал-Каида' же Саддам Хусейндин режиминин калдыктары жетектеген террор кандай түрдө болбосун, биз аларды баары бир жок кылабыз. Алар кайсы жерде болбосун, биз аларга сокку урабыз".

Фаллужанын жетекчилиги менен өкмөт бир топ мезгилден бери сүйлөшүү жүргүзүп келген, бирок 14-октябрда премьер-министр Айяд Аллави аларга ультиматум коюп, Заркавини кармап берүүнү талап кылганда, шаар карыялары сүйлөшүүнү токтотуп салган. Алардын айтымында, Заркави шаарда жок. Дароо бир миңге жакын америкалык аскер танкилердин коштоосунда Фаллужаны курчоого алды жана сүйлөшүүгө ортомчу болуп келген Халед ал-Жумейли аттуу динаятчыны кармады. Бирок коомдук пикирден ийменип, аскерлер шаарга кирбей турат. Анткен менен америкалык учактар Фаллужаны такай бомбалоодо жана андан көптөгөн карапайын адам дагы курман болууда.

Кээ бир америкалык гезиттер 15-октябрда басып чыккан маалыматтарга караганда болсо, Ирактын Таллил шаарынын алдындагы жыйырмага жакын америкалык солдат согуш майданындагы аскерлерге жардам жеткирүүдөн баш тарткан жана ал аракет аскерий буйрукту аткарбагандыкка жатаар-жатпасы азыр иликтенип жатат. Жекки Батлер аттуу солдаттын айтымында, кимдир бирөө буйрукту ишке ашырбагандыктан, тапшырманы аткарууга башчылар аны жана бир нече башка аскерди жиберген. Кээ бир маалыматтар боюнча, жардам көрсөтүү аракетине катыша тургандар жакшы корголгон эмес жана солдаттар бекер өлүмгө баруудан баш тарткан.

Вашингтон шаарында болсо 20-октябрда Ирактагы согушка каршы элдик аракет көрүлөөрү күтүлүүдө. Чет өлкөлөрдөгү согуштардын ардагерлери деп аталган уюм АКШ Иракта жүргүзүп жаткан согушту сынга алып, Ирак эли менен биримдигин билдирет. Уюмдун мүчөлөрү азыртан эле интернет жана башка каражаттар менен америкалык аскерлер Иракта жасаган мыкаачылыктар тууралуу сүрөттөрдү таратып, ирактык жарандарга тилектеш каттарды жиберүүдө. Кыймылга - Иракта барымтага алынып, май айында өлтүрүлгөн америкалык жаран Николас Бөргдүн атасы Майкл да кошулган. Николасты болсо Заркави өз колу менен мууздаган деген кабарлар бар.

XS
SM
MD
LG