Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү


Синоптиктердин кабарлоосу боюнча октябрдын он алтысынан он сегизине чейин өлкөнүн дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1 градустан -4 градуска суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүктүн жүрүшү айыл чарбасындагы түшүмгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

17-октябрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн –1..-4 градус суук, күндүз +4…+9 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –2…-4 градус суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз +2…+7 градус жылуу болот.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн 0…+5 градус, айрым жерлерде абанын температурасы 0…-2 градуска төмөндөп, үшүк жүрөт, күндүз +7…+12 градуска жылыйт.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –1…-3 градус суук, күндүз +3…+7 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫН облусунда түнкүсүн –2…-5 градус суук, күндүз +1…+6 градуска жылыйт.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, жамгыр жаабайт, түнкүсүн жана эртең менен туман капташы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн –1…-3 градус суук, күндүз +7…+9 градус жылуу.


Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Мира Аманбаева тааныштырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG