Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Талас облусу Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча пилоттук облусу болуп катталды


ТАЛАС. Кыргыз Республикасынын өкмөтү кабыл алган «Айыл мектеби» программасын ишке ашыруу максатында Бүткүл дүйнөлүк банктын «Айылдык билим берүү» долбоору быйылкы окуу жылынан баштап иштей баштады жана Талас облусу пилоттук болуп тандалды. Беш жылга эсептелген мөөнөт ичинде мугалимдердин эмгегин баалоону өнүктүрүүгө үч жарым миллион доллар, окутуунун сапатын жакшыртуу үчүн 2,5 млн. доллар, окуу куралдары жана окуу материалдары үчүн жети миллион доллар жумшалары каралган. Облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы Табылды Касымбековдун «Азаттыкка» 16-октябрда билдиргенине караганда, бул беш жыл ичинде облустагы 113 жалпы билим берүүчү мектептерде иштеген 5 миңге жакын мугалимдердин айлыгы жогорулап, соода-сатыкка кетип жаткан педогогдордун агымын токтотууга өбөлгө түзөт. Мектептердин окуу китептери менен камсыз болуусу жакшырып, ата-энелердин мектептерге төлөөчү взносторунун өлчөмү бир топ азаят.

XS
SM
MD
LG