Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

Кыргызстан менен Казакстандагы шайлоо системалары талкууланат


БИШКЕК. 18-19-октябрда Алматы шаарында Казакстандагы жана Кыргызстандагы шайлоо жараяндарынын өзгөчөлүктөрү талкууланган тегерек үстөл жыйыны өтөт. Ага Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Алматыдагы жана Бишкектеги кеңселеринин, Казакстан менен Кыргызстандын мамлекеттик структураларынын, Борбордук шайлоо комиссияларынын, саясий партиялары менен бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышышат. Жыйында эки өлкөнүн Шайлоо Кодекстериндеги айрым кемчиликтер, Шайлоо комиссияларынын түзүлүшү, талапкерлерди каттоо, шайлоочулардын тизмесин түзүү, добуштарды саноо механизмдери талкууланат. Тегерек үстөл жыйынынын катышуучулары ошондой эле Казакстандагы жакында өткөн парламенттик шайлоонун жана Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыктары менен таанышышып, ой-пикирлерин билдиришет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG