Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Ө.Текебаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөтүү демилгеси жанданды


ОШ. Бул демилгелүү топтун алгачкы жыйыны 22 адамдын катышуусу менен «Сузак» чайканасында өттү. Алар Кыргыз Республикасынын болочок президенттигине эң татыктуу талапкер катары Өмүрбек Текебаевди эсептешерин кол көтөрүү аркылуу ырасташты жана Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин 2005-жылы өтүүчү президенттик шайлоого алып чыгуу боюнча бир катар иш-чараларды уюштурууга милдеттеништи. Талапкердин макулдугун алуу абалкы аткарыла турган иштерден экендиги айтылды. Азданакай топ баштаган ушул иш-аракетти компанияга айландырып, ага элдин арбын бөлүгүн тартуу негизги максаттардын бири катары белгиленди. Депутат Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин өлкө президенттигине көрсөтүүнү жактаган демилгелүү топтун жетекчилигине адистиги боюнча юрист Кубаныч Бакиров шайланды.

XS
SM
MD
LG