Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгы белгиленди


БАТКЕН. Беш жылдык мааракеге өлкө башчысы Аскар Акаевдин катышуусу күтүлгөн эле, бирок учак учууга ыңгайсыз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн жогорку бийлигинен мааракеге эч ким келген жок. Маараке Баткен шаарынын чок ортосуна орнотулган «Эркиндик» монументин ачуу аземи менен башталып, ага Ош облусунун губернатору Накен Касиев, Тажикстандын кошуналаш Согдий облусунун жетекчиси Касымжан Касымов баштаган коноктор жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Андан соң «Улуу инсандар» аянтында Баткен аймагынан чыккан кыргыздын чыгаан уулдары, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер Абдыкадыр Орозбековдун, Мурат Салиховдун жана Исхак Раззаковдун айкелдерин ачуу аземи, алардын урматына арналган чакан митинг өтүп, үч инсандын өмүр жолу эскерилди. Анда бул аянтка Апсамат Масалиевдин да эстелигин коюу сунушу айтылып, мындай сунушту колдогон облус губернатору Аскарбек Шадиев эстелик жакын арада орнотуларын билдирди. Мааракени андан ары борбордук стадиондо өткөн салтанаттуу жыйын улантып, анда беш жыл ичинде өзгөрүүлөр, жетишкендиктер айтылды. Салтанатты аскердик парад, театрлаштырылган көрүнүштөр, республиканын белгилүү обончулары, эстрада ырчылары жана облус таланттары катышкан оюн-зооктор коштоп, майрам шаңы кечке дейре уланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG