Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

СӨЗ ЭРКИНДИГИ БАР, БИРОК…


Сөз эркиндигинин сакталышы жагынан Кыргызстан коңшу өлкөлөргө үлгү экени байма-бай айтылып келет. Анткен менен бул жаатта деле толгон-токой проблемалар бар. Кийинки жылдары көз карандысыз маалымдоо каражаттарын ооздуктоо, аларды таасирдүү чөйрөнүн энчисине өткөрүп алуу тенденциясы күч алды. Жакындан бери саясий кысымдын дагы бир түрү пайда болду.

90-жылдары эркин басылмаларды ооздуктоонун сыналган жолу журналистке каршы кылмыш ишин ачуу болсо, кийинчерээк ал сот колу менен олчойгон айыппулга жыгууга алмаштырылды. Сөз эркиндигин ооздуктоонун алдагыдай ачык жолу эл арасында, андан да эларалык чоң резонанска ээ болгону кыргыз бийлигин кыйла сестенткен белем кийинки кездери кысым көрсөтүүнүн дегеле ойго келбес ыкмасы чыкты. Ал туурасында кеп кылуудан мурун президент А.Акаевдин сөз эркиндигине карата пикирин угуп көрөлү.

- Сөз эркиндигине, маалымдоо каражаттарынын толук кандуу иштешине жетиштүү шарт түзүп бердик деп ойлойм. Бул ишти биз улантып жатабыз,- дейт президент А.Акаев.

Мамлекет башчынын демилгеси менен Кылмыш-жаза кодексинен журналистти кесиптик иши үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну алып салуу демилгеси көтөрүлүп, өкүнүчкө жаңы мыйзам долбоору парламенттен колдоо табалбай калган. Ошентип, Кылмыш-жаза кодексиндеги 127-берене кыргыз журналисттеринин сесин алып туруш үчүн парламент мүчөлөрүнүн ыкластуу аракети менен ордунда калды.

Юридика академиясынын ректору Чолпонкул Арабаев мындай кысталыш жагдайдан чыгуунун бир жолу катары дегеле кылмыш-жаза системасын жумшартуу, аны гумандаштыруу керек деген пикирде.

- Бул маселеге чындап киришип атам. Баарынан мурда кылмыш-жаза, кылмыш-процессуалдык мыйзамдарды гумандаштыруу, аларды либералдаштыруу керек. Мисал келтирейин, кылмыш иши ачылгандардын 60% ашууну эркинен ажыратылат. Бул Орусияда 45% түзсө, Европанын өнүккөн өлкөлөрүндө, мисалы, Германияда ал болгону 9% гана жетет, - дейт Чолпонкул Арабаев.

Президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаевдин айтуусунда, гезиттерди сот аркылуу айыппулга жыгуу баюунун бир жолуна айланды.

- Мен коркпой эле айтайын, кийинки кездери гезиттерди чоң айыппулдарды жыгуу жакшы бизнеске айланып кетти. Буга расмий бийликтин, президент акимчилигинин, мамлекеттин эч кандай тиешеси жок. Жадесе алардын таасир көрсөтөр мүмкүнчүлүгү жок.

Маалыматты жайылтуу борборунун жетекчиси Андрей Миясаровдун ырасташынча, өкмөт кол алдындагы гезиттерди каршылаштарын жамантты кылуу үчүн пайдаланат:

- Менимче, бул жерде башка дагы бир себептери болуу керек. «Слово Кыргызстана» гезити өкмөттүк басылма, Анын башкы редактору өлкөдөгү тажрыйбалуу журналисттердин бири. Эмнеликтен ал жетектеген гезитте аты-жөнү белгисиз, жок кишилердин атынан макалалар чыгат. Кеп, менимче, адамдын атуулдук позициясына, ыйманына тикелей байланыштуу,- деп айтты Андрей Миясаров.

«МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким нускасы аз басылманын баасын көтөрүү тууралуу Монополияга каршы департаменттин атайын чечим чыгарышын мыйзамга сыйбаган иш катары баалайт.

- «МСН» гезитине карата монополияга каршы туруу мыйзамын колдонуш үчүн ириде гезит базарын иликтеп чыгыш керек эле. «МСН» гезит базарын жалгыз ээлеп, үстөмдүк жүргүзүп атканын ырастаган фактыларды таап, анан кине койсо болмок.

Миллиондогон сомдук айыппулдардын төөбастысында калып жабылууга аргасыз болгон «Моя столица – новости» гезитинин ордун баскан жаңы басылманын тизгинин тартыш амалында кыргыз өкмөтү ага монополияга каршы туруу мыйзамын колдонду. Гезит жамааты муну саясий кысым катары баалайт.
XS
SM
MD
LG