Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

КАЗАК ПАРЛАМЕНТИНИН СПИКЕРИ ШАЙЛООНУ СЫНГА АЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Казакстан парламентинин мыйзам чыгаруу жыйыны (Мажилистин) төрагасы Жармахан Туякбай жергиликтүү “Время” басылмасында жарыялаган макаласында жакында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын кескин сынга алып, аны “көз бойомочулук менен өттү” деди. Өлкөдөгү бийлик партиясы – Отандын – негизги өкүлдөрүнүн биринин бул өңдүү билдирүүсү ошол эле замат түрдүү суроолорду жаратууда.

Казакстандагы “Время” гезитинде жарыялаган макаласында парламенттин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Жармахан Туякбай өткөн парламенттик шайлоо “добуш берүүчүлөрдүн укугун орой бузган катачылыктар менен коштолгонун” айтты. Ал, ошондой эле, аткаруу бийлигинин жардамы менен тандалган парламент алдыдагы беш жыл аралыгында ага каршы сөз сүйлөй албай тургандыгын, мунун өзү казак элинин көйгөйлөрүн чечүүгө олуттуу тоскоол болоорун билдирди.

Казакстандын оппозициялык күчтөрүнүн лидерлери ошол эле замат Туякбайдын билдирүүсүн мактап чыгышты.

- Ал туура иш жасады. Мен анын айткандарын колдойм. Мыйзамдуулукту урматтаган адам ушундай болушу керек. Ошол эле учурда, бул билдирүү Мажилистин төрагасы жана Отан партиясынын лидерлеринин бири тарабынан жасалды. Бул – маанилүү жагдай, - дейт оппозициядагы Коммунисттик партиянын мүчөсү Абдилдин Серикболсын.

Ал эми “Казакстандын демократиялык тандоосу” бирикмесинин өкүлү Асылбек Кожакмет бул тууралуу “Туякбай Мажилистин төрагасы катарында өз милдетин аткарганын” айтат. Аталган бирикменин дагы бир мүчөсү Төлен Токтасунов келечекте Туякбай “Казакстандын демократиялык тандоосу” бирикмеси менен кызматташат деп үмүттөнөөрүн билдирди.

- Биз Жармахан Туякбай айткандарга толук кошулабыз жана келечекте ал өлкөнүн учурдагы абалы, келечеги тууралуу да ойлорун айтат ко деп үмүттөнөбүз, - дейт “Казакстандын демократиялык тандоосу бирикмесинин мүчөсү Төлен Токтасунов.

Алихан Байменов – “Ак жол” оппозициялык партиясынын теңтөрагасы. Ал да Туякбайдын сөздөрүн колдоорун билдирди. “Төрага өзүнүн чыныгы атуулдук позициясын билдирүү менен партиянын кыска кызыкчылыктарынан да өйдө көтөрүлө алды” деп ойлойт Байменов.

Жармахан Туякбайдын өзүнүн пикирин угуу мүмкүн болбоду. Бирок анын жардамчысы кабарлашынча, спикер дүйшөмбү күнү бул тууралуу маалымат жыйынын өткөрмөкчү.

Шайлоодон кийин Парламенттин 77 орунунун кырк экисин ээлеген Отан партиясынын жеңишин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму “олуттуу кемчилик” катарында баалаган.

Шайлоо 19-сентябрда өткөн. Ал эми 3-октябрда экинчи айлампасы өткөрүлдү.

Өлкөдөгү бийлик партиясы – Отандын - өкүлү Серик Абдрахманов Туякбайдын бул билдирүүнү жасоодогу максаттарын жана ага түрткөн себептерди түшүнбөй тургандыгын айтты.

- Мен эми эле Европадан келдим. Батыш жана Чыгыш Европада көптөр биздеги шайлоону макташты. А биздин спикер европалык депутаттарды да артта калтырып, катуу сын-пикирлерин айтып жатышына эмне себеп болгонун түшүнбөйм. Анын үстүнө, эмне үчүн спикер буга чейинки шайлоолордо эч кандай ойлорун айтпаганы кызык. Ким килет, балким, ал буга мезгил жетти деп ойлосо керек, - дейт Отан партиясынын өкүлү Серик Абдрахманов.

Казакстандын жаңы парламенти ушул жылдын аяк чендеринде өзүнүн жаңы спикерин тандашы керек. Андыктан, Тобокелди аныктоо тобунун Алматыдагы директору Досум Сатпаев, “балким, Жармахан Туякбай өзүнүн төрагалык мөөнөтү аяктап баратканына тынчы кетип жаткандыр” деген божомолу менен бөлүштү. Туякбай Мажилистин төрагалыгына 1999-жылы келген.

Лондон университетинде Орто Азияны изилдөө борборунда дарс окуган Бхавна Дейв айым да эмне үчүн Туякбай дал ушул мезгилде бийликти сынга алганы түшүнүксүз экендигин айтты.

- Мында “Отан” акырындап оппозициялык “Ак-жол” партиясын өзүнө буруп алууга аракет кылып жатса керек. Анткени алар реалдуу оппозициянын болушун каалашпайт. Ошол эле учурда, “Отан” бул аракети менен “Көрдүңөрбү, биз өзүбүздү өзүбүз сындап жатабыз” деген өңдүү кабарды Батышка жолдогусу келип жаткандай, - деди Лондондогу Орто Азияны изилдөө борборунун өкүлү Бхавна Дейв айым.

Астанада жашаган казакстандык саясат таануучу Азимбай Галый да ушуга окшош пикирде. Анын айтымында, мунун артынан президент Конституциялык сотко кайрылып, кийин парламентти таркатып жибериши да мүмкүн. Анткени андан кийин ал “демократ” деген айтка конмок.

Негизи казак президенти Нурсултан Назарбаев 1995-жылы Парламентти таркаткандыгы белгилүү. Анда өлкөнүн Конституциялык соту 1994-жылы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын туура эмес деп тапкан эле.
XS
SM
MD
LG