Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

КОСМОНАВТТАР САПАРЫ, СКИНХЕДДЕР МЕКЕНИ, АКАЕВ ӨРНӨГҮ


«Российская газета» бейшембиде, америкалык астронавт Лерой Чиао менен орусиялык космонавттар Салижан Шарипов жана Юрий Шарыгин ичинде олтурган кораблдин Байкоңурдан көтөрүлүп космоско аман-эсен чыгышканы жана ошол мүнөттөн тартып эл аралык онунчу экспедиция иши башталганын жазып маалымат таркатты. Макаланын бир жеринде жазылган алардын асмандагы жашоосундагы кимиси кандай тамакты жакшы көрө тургандыгы бизди кызыктырды. Маселен, жердешибиз, Салижан Шарипов чочко этин жеөдөн баш тарткан, анын ордуна койдун этин, жаян балыгынын этин, сабиз, пыяз, капуста, сүт, жер жемиштер маңызы, таттуу чай такоол алууну туура көргөн. Лерой Чиао болсо тооктун этин, жумуртка, кара өрүк, быштак, жаңгак ашы, чай алдырды деп жазат газета.

«Бул жакка окуганы келгенбиз – мекенибизге сөөгүбүз табып табып болуп кетчү болду» деген макаланы «Коммерсант» жума күнү басты. Санкт-Петербургада бейшембинин түнүндө вьетнамдык студент Ву Ань Туанды жергиликтүү жаштар сабап туруп бычактап кетишкен. Ошондон кийин Санкт-Петербургдагы академик Павлов атындагы 1-медициналык университетинин студенттери көчөгө чыгуу уюштуруп, макаланын аталышы болгон, ураанды ошондо колуна көтөрүп турушкан экен. Ал университетте 78 өлкөдөн келип билим алып атышкан жаштарды питерлик улутчул жаштар улам төпөштөп, а кээсин өлтүрүп кетүү адатка айланып баратканы кеп болот. Кийинки эки жыл ичинде питердик улутчулдар өңү башка деп кол салуу жазап андан төрт студент мерт болгон. Алар: Маврикиялык, Ливиялык, Сириялык жана бейшемби түнү курман болгон Вьетнамдык студент деп жазат автор.

Бейшемби күнү, 14 октябрде, Маскөнүн биринчи мечитинде маалымат такатуу болуп анда Орусиялык муфтийлер советинин төрагасы Равиль Гайнутдин:

- Мусулмандар 15-октябрден тартып жарамазан айын башынан өткөрүп ыйык орозо тутууга киришет. Асмандан ыйык Куран түшүрүлгөн жарамазан айы ар бир мусулман үчүн орозо тутчу ай болуп эсептелет. Жарамазандын бининчи күнүнөн тартып анын акыркы күнүнө дейре орозо кармап, биз, мусулмандар тенебизди тазартпайбыз, биз ниетибизди, руханий дүйнөбүздү тазартабыз, - дейт Маскөдөгү биринчи мечиттин имамы

«Веремя новостей» 14-октябрде «Акаевдин өрнөгү башкалар үчүн сабак болот» деген аталышта макала жарыялады. Ал жерде АКШнын элчиси Стивен Янгдын пикирине шилтеме берилип:

- 2005 жылы өтчү шайлоодо президент Аскар Акаев талапкер катары жарышка катышпайт, - деп жазылган. Дагы бир жеринде, «ишеничтүү» деп атаган булакка шилтеме берип автор:

- 2005 жылдын февраль айында шайлануучу Кыргызстандын бир палаталуу жаңы парламенти азыркы президенттин бийликте олтуруу мөөнөтүн беш жыл эмес жети жылга узартчу конституцияга өзгөртүү киргизет. Анда Аскар Акаевдин «бир нече жылга дагы да сурак сурай туруусу» шайлоого катышпай этпей эле өзүнөн өзү чечилет, - деп жазат Аркадий Дубнов

«Новые известия» шаршембиде, Орусия ордо каласында эмне себептен улам жолбун иттер арбып баратканын талдоого алат. Айбанаттар врачы Андрей Неуроновдун айтканына караганда:

- Маскөнүн жолбун иттери элет жердеги иттерден акылуулугу менен айырмаланат. Алар метрого түшүп, ары бери өздөрү жүрүшөт. Сүйлөбөгөнү менен адамдын ниетин алдын ала түшүнүп турушат. Кайсы жерде жылуу жай, кайсы жерде даяр тамак бар экенин билип турушат, - деп жазат
XS
SM
MD
LG