Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

ТАЖИКСТАНДАГЫ ОРУС ДИВИЗИЯСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ АСКЕРИЙ БАЗА ТҮЗҮЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 16-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдан Тажикстанга келип, өлкө президенти Эмомали Рахмонов менен жолукту. Президенттер эки өлкө ортосундагы кызматташуу жана кошуна Ооганстандагы абалды талкуулады, андан тышкары Тажикстандагы Орусиянын 201-дивизиясынын негизинде 17-октябрда орус аскерий базасын ачуу тууралуу макулдашылды. 18-октябрда Дүйшөмбү шаарында Борбор Азиялык кызматташуу уюмунун бийик жолугушуусу өтөт жана ага Орусия расми түрдө кошулат.

16-октябрда сүйлөшүүлөр Дүйшөмбү шаарында аяктагандан кийин президент Владимир Путин - Тажикстан менен Орусия ортосундагы кызматташуу жаңы, стратегиялык деңгээлге чыкканы тууралуу жана өлкө экономикасына Маскөө келерки беш жылдын ичинде эки миллиард доллар инвестиция сала турганы жөнүндө жарыялады: "Орус тарап, анын ичинде мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар келерки беш жылдын ичинде Тажикстандын экономикасына 2 миллиардка жакын доллар салууга ниеттенүүдө. Менин оюмча, акыркы 12-13 жылда Тажикстанга эч ким мынча акча берген да эмес, берем деп айткан да эмес".

Путиндин айтымында, Тажикстанда орусиялык аскерий база ачуу жөнүндө дагы макулдашылды жана өлкөнүн Орусияга болгон карызы тууралуу маселе да чечилди. Советтик мезгилден бери тажик аймагында калган Орусиянын 201-дивизиясынын негизинде түзүлүп жаткан базаны Путин 17-октябрда расми түрдө ачат. Дивизияда жети жарым миң аскер кызмат өтөйт, аны аскерий базага айлантуу демилгеси 1999-жылы көтөрүлгөн жана үстүбүздөгү жылдын июнунда Путин менен Рахмонов Сочи шаарында жолукканда, акыркы талаптуу шарттар макулдашылган. База үчүн керектүү аймакты тажик тарап Орусияга бекер берүүдө.

Тажикстан Орусияга 298 миллион 700 миң доллар карыз жана аны төлөө үчүн Дүйшөмбү Маскөөнүн менчигине "Нурек" аттуу байланыш станциясын берүүдө. Советтик мезгилде тажик тоолорунда курулган бул станциядан космос мейкиндигине көзөмөл салса болот. Андан тышкары орусиялык ишканалар Сангтудин суу-электр станциясын бүтүрүп берүүгө макул болду жана кийин анын бир топ акциясы Орусиянын менчигине өтөт. Станция 2008-жылдын аягына чейин курулууга тийиш жана Орусия ага 250 миллион доллар жумшайт, анын 50 миллионун тажик тарап карыздын эсебинен кошот. Аны менен катар Орусиянын "РусАл" ишканасы Ронгун суу-электр станциясын курууга катышат.

Тажикстандын тышкы чек арасын дагы советтик мезгилден бери орусиялык аскерлер кайтарып келген жана 1999-жылдан тартып ал милдет акырындап тажиктердин өзүнө өтө баштаган, бирок Маскөөдөгү бийликке Путин келгенден кийин, абал өзгөрдү. Мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык, 2005-жылдан тартып чек араны кайтарууну Тажикстан толугу менен өзүнө алмак, бирок Сочидеги жолугушуу учурунда Рахмонов Путинден орусиялык аскерлердин Тажикстанда кеминде 2006-жылдын аягына чейин калышын сурады. Чек ара аркылуу Ооганстандан Шериктештик мамлекеттерине бир топ баңги зат ташылганы белгилүү жана жалгыз 2003-жылы эле чек арада тогуз жарым тонна наркозат кармалган.

16-октябрда Путиндин басма сөз кызматы жарыялаган маалыматка караганда, Борбор Азиялык кызматташуу уюмуна Орусиянын кошулушу тууралуу протоколго Дүйшөмбү шаарында 18-октябрда Путин өзү кол коет. Орусиянын ал тууралуу арызын уюмга кирген Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жетекчилери үстүбүздөгү жылдын 28-майында Астанада өткөн бийик жолугушууда канааттандырган. Уюм алгач "Борбор Азиялык экономиалык бирикме" деген ат менен 1994-жылдын башында Казакстан менен Өзбекстан тарабынан негизделген жана ага кийин Кыргызстан менен Тажикстан да кошулган. 2002-жылдын 28-февралында болсо Ташкенде өткөн саммитте уюмдун аты "Борбор Азиялык кызматташуу" деп өзгөртүлгөн.

Анын азыркы бийик жолугушуусу Дүйшөмбү шаарында 5-октябрда өтөт деп белгиленген жана тажик президенти Эмомали Рахмоновдун туулган күнүнө туш болгон, бирок ал күнү болбой калган. Борбор Азиялык жетекчилер Тажикстанга 17-октябрда келе баштайт жана ал күнү Дүйшөмбү шаарында Путин алар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG