Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

Дагы бир палестин согушкери набыт кетти


Ушуну менен сентябрдын аягынан тарта Газа секторунда Израил аскерлеринин огунан өлгөн палестиндердин саны 129 адамга жетти. Кечээ Израил палестиндердин жөөт кыштактарына ракеталык чабуулун токтотуу максатында башталган операциясына 17 күн болгондо, аскерлердин бир бөлүгүн чыгарып кете баштаган. Израилдин премьер-министринин кеңешчиси Раанан Гиссин азырынча аскерлер толук чыгарылбайт деп белгиледи. "Кээ бир жерлерден аскерлер кетип жатышат, башка жерлерде алар алмаштырылып, дагы башкасында, Беит-Лахья өңдүү калааларда басымын күчөтүүдө", - деди Гиссин. Палестиндердин адам укуктарын коргоо борбору Газада кеминде 80 үй талкаланганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG