Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

АКШнын үч аскери жана бир ирактык набыт болушту


Машинедеги бомба жардыруусу өткөн түнү Багдаддан 300 чакырымдай алыстыкта орун алган. АКШ аскерлери шийи козголоңчуларына куралын өткөрүп берүү мөөнөтүн дагы бир күнгө узартышты. Багдаддагы Садр Сити районунда аракеттенген козголоңчуларга кечээ бир күн ичинде куралдарын акчага айырбаштоо шарты коюлган. Бүгүн эртең менен Багдаддагы христиан чиркөөлөрүнүн жанында жардыруулар болуп, имараттарга зыян келтирилди, адамдар жабыр тарткан жок. Ирактын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү жасалма бомбалар беш чиркөөнү бутага алганын билдирди. Аларга удаа оорукананын сыртындагы жарылуудан бир догдур набыт кетип, тогуз киши жараат алышты. Ал тапта бир нече күндөн бери Фаллужа шаарындагы сунни козголоңчуларына аба менен жерден чабуул койгон америкалы аскерлер ал жердеги операцияларын бир аз басаңдатты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG