Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

АПТАНЫН МААНИЛҮҮ ОКУЯЛАРЫ


Апта бою 10-октябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарына саясатчылар өз баасын беришти. Ал эми Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого Аскар Акаевдин катышпай турганына ишеничин билдирди. Президенттин басма сөз катчысы болсо «Мамлекет башчысы Москвадан чоң акчага үй сатып алды» деген маалыматты оппозиция уюштурган деп, аны ыплас ыкма катары баалады.

Өтүп бараткан апта ичи 10-октябрда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоонун жыйынтыктары жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкө боюнча шайлоого тизмеге киргендердин 61 проценти катышты.

Бул шайлоо башынан эле 2005-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордун башкы репетициясы катары бааланып келатканы белгилүү. Ошондон улам жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын карап туруп, бийлик дагы, оппозиция дагы жана башка күчтөр дагы өздөрүнүн ийгилик-кемчилигин теңсалмактап турган убак.

Өзгөчө катуу таймаш Бишкек шаардык парламентке орун үчүн жүрдү. «Алга, Кыргызстан» партиясы ар бир округга төрттөн талапкерди жылдырып, депутаттык 15 орунду ээледи.

Ал эми «Арнамыс» партиясы көрсөткөн 21 талапкердин бири дагы ийгиликке жетише алган жок. Партиянын төрага орун басары Эмил Алиевдин айтымында, добуш берүүлөр бут тосуулар менен коштолду. Ошондуктан Бишкек шаары боюнча шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу керек деп билдирди Эмил Алиев:

- Эл бийликке ишенбейт, бийлик элге ишенбейт. Ошондуктан, шаардык кеңешке шайлоо бурмалоолор, мыйзам бузуулар менен өткөрүлдү. Антпесе, эл бийликтин партияларына жана бийлик тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерине добуштарын бербейт эле. Ушундай эле ыкма менен эми парламенттик шайлоо да өтөт. Бийлик дайыма өзү каалагандай жыйынтыкты чыгарып алат .

14-октябрда «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин уюштуруучулары шайлоо тууралуу өз пикир, сындарын маалымат жыйынында айтышты. «Атамекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, шайлоодо бир эле Бишкек боюнча 5 миллион доллардан ашуу акча чачылды:

- Менин баамымда, бул шайлоолорду өткөрүүгө жалпы талапкерлер 5 млн. АКШ доллардан ашык акча кетиришти. Бул - Кыргызстандын тарыхында өтө ири сумма. Ал эми партиялардан шаардык кеңешке бийликти колдогон гана партиялардын, башкача айтканда, «Алга Кыргызстан», «Адилет» жана «Менин өлкөм» партияларынын гана өкүлдөрү өтүштү. Бул эмнени билдирет? Бул - шайлоодо негизги ролду каржы менен административдик ресурс ойногонун билдирет. Ал эми оппозициялык партиялардын бир да өкүлү өткөн жок.

«Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикме тараткан билдирүүдө добуш берүүлөр "Шайлоо кодексин" бузуу менен өткөрүлгөнү айтылат. Ошого байланыштуу Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруунун зарылдыгы, Борбордук шайлоо комиссиясын кайра түзүү, шайлоочулардын бармагына белги коюу эрежесин киргизүү сунуш кылынган.

Шайлоочулардын бармагына белги коюунун зарылдыгын 1775 байкоочуларды бул өнөктүккө катыштырган “Демократия жана атуулдук коом” коалициясы да айтып чыкты. Анын президенти Эдил Байсаловдун айтымында, бул шайлоо негизинен тынч өткөнү менен, мыйзам бузуулар болбой койгон жок. "Анын үстүнө БШК ишти начар уюштуруп, айнек урналар менен шайлоо участокторунун баары эле камсыз болгон эмес".

Колунда акчасы бар бийликтин өкүлдөрү жана артында чоң бизнеси барлар гана депутаттыкка өтөөрү анык экенин буга чейин дайыма Ак үйдүн позициясында келаткан "Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар" ассоцациясы да моюнга алды. Токтайым Үмөталиеванын айтымында, шайлоонун жүрүшүндө айрыкча, башкалаада ун, шекер жана акча таратып, добуш сатып алгандар болду. Байкоочулардын баамында Бишкек шаардык кеңешке өткөндөрдүн 70 пайызын чоң бизнестин өкүлдөрү, 10 пайызын мамлекеттик кызматкерлер, 2-3 пайызын аялдар түзөт.

Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, алдыдагы парламенттик шайлоонун ачык-айкын жана демократиялык негизде өтүшү үчүн аялдар, жаштар, мамлекеттик кызматкерлер өңдүү катмарлар үчүн квота киргизүү керек. Ал эми Өмүрбек Текебаев болсо партиялык системаны практикалай баштоонун зарылдыгын айтууда:

- -Биз жөнөкөй партиялар жок дегенде бир талапкерин парламентке өткөрүш үчүн пропорционалдык шайлоо ыкмасынын киргизилишин талап кылабыз. Пропорционалдык система киргизилмейинче шаардык, өлкөнүн парламентине оппозициялык партиялардын өкүлдөрү жана жөнөкөй атуулдар эч качан өтө албайт. Кыргызстандын шартында мажоритардык система биздин мамлекет менен коомубуздун кызыкчылыгына кедергисин тийгизүүдө.

Айтып коюу керек, Бишкек шаардык кеңештеги 44 орундун он беши «Алга, Кыргызстан!» партиясына, тогузу «Менин өлкөм» партиясына, 8 орун «Адилет» партиясына тийген. Оппозициялык маанайдагы бир да партиянын бир да өкүлү шаардык парламентке өткөн жок. Муну «Менин өлкөм» партиясынын өкүлү Курманбек Дыйканбаев мындайча түшүндүрөт:

- Шаардык кеңешке оппозициялык партиялардын өтпөй калышынын себеби – алардын аброю шаар калкынын ичинде жок экендигин, Бишкекте алардын тамырлары жоктугун көрсөттү.

10-октябрдагы шайлоодо саясий партиялардын ичинен өлкө боюнча эң көп орунду президенттик администрациянын жетекчиси Тойчубек Касымов башында турган «Адилет» партиясы алды. Аталган партиядан жергиликтүү кеңештерге 1500 адам өттү. Алдын ала маалыматтарга караганда «Алга, Кыргызстандын» 1200 мүчөсү депутат болду. Ал эми үчүнчү орунда «Менин өлкөм» партиясы турат.

Ошентип, жергиликтүү кеңешке шайлоолордо оппозициялык партиялар, анын ичинде Мисир Ашыркулов башында турган «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеси да, «Кыргызстан элдик кыймылы» дагы чоң ийгиликтерге жете алышпады. «Арнамыстан» талапкер катары көрсөтүлгөн Төлөйкан Исмаилованын айтымында, ийгиликке жетпей калганына оппозициянын эле өзүнүн жакшы иштебегендиги себеп болду.

*****

Эми аптанын урунттуу окуяларын Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын өлкөдөгү окуяларга жана эки мамлекет ортосундагы мамилеге баасы менен уланталы.

13-октябрда маалымат жыйынын өткөргөн элчи Стивен Янг коңшуларынан айырмаланып Кыргызстандын колунда бийликти тынч жана демократиялуу жол менен өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты:

- 2005-жыл - Кыргызстандын тарыхындагы урунтту учур. Кыргызстандын колунда бийликти тынч жана демократиялык жол менен өткөрүп берүү жаатында лидерликти алуунун уникалдуу шансы бар. Кошмо Штаттары эле эмес, жалпы дүйнө коомчулугу калк күсөгөн талабына жетиши үчүн кыргыз өкмөтү менен бирге тийиштүү шарттарды түзүп, калыс, ачык жана туура шайлоо өткөрүүгө болгон жардамын берүүгө даяр.

Элчи мырза келерки шайлоолордо мыйзам бузууларга бөгөт коюш үчүн бармакка белги коюу эрежесин киргизиш керек деп эсептейт:

– Президент Аскар Акаевдин Кошмо Штаттарга сапары учурунда биз аны менен бул маселе тууралуу пикир алмаштык. Бактыга жараша президент бармакка өчүрүлгүс белги коюу боюнча мыйзамдын долбооорун колдоп берүүгө сөз берди. Мен болсо АКШ өкмөтү президенттик жана парламенттик шайлоолордо колдонулуучу боёктордун чыгымын көтөрүүгө даяр деп айттым.

Кыргызстандын мамлекет башчылары, өзгөчө президент Акаев "жибек революциясы" тыштан экспорттолуп келип жатканына катуу кабатырланып, мындай окуядан сактанууга өзүнүн КМШдагы кесиптештерине кеңеш берген эле. Стивен Янг "демократия жалгыз гана Кошмо Штаттарынын жеке баалуулугу жана ал Кыргызстандын кыртышына жат" деген пикирлерди жаңылыштык катары баалады:

- Кыргызстандагы жана чет мамлекеттердеги маалымат каражаттарында "демократия Американын эле баалуулугу жана ал Кыргыз Республикасына тыштан таңууланып жатат" деген пикирлердин айтылып жүргөнү тынчсызданууну пайда кылбай койбойт. Менимче, ар бир адам өз үнүн башкаларга угузуп, ал аркылуу мамлекетти башкарууга аралашкысы келет. Албетте, ар бир коомдун өзүнүн демократиясы болот, бирок да Кыргызстанга демократия жат деп айтыш туура эмес. Кыргызстан демократия менен туруктуулуктун бирөөн тандап алышы керек деген пикир да жаңылыштык. Менимче, демократиялык өнүгүүгө умтулмайынча Кыргызстанда туруктуулуктун болушу мүмкүн эмес.

Элчи Стивен Янгдын айтымында, Ганси атындагы авиабаза кеңейтилбейт. Ал Ооганстандагы кырдаалга жараша жана кыргыз бийлиги канчага мүмкүндүк берсе ошончо убакыт бою турат. Коалиция күчтөрү жалгыз эле Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылбастан, жалпы Борбор Азия чөлкөмүнүн бейпилдиги менен туруктуулугун сактоого салым кошууда.

******

Эми сөзүбүздү ушул аптада президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсү, тагыраак айтканда, анын мүлкү тууралуу маселеге байланыштуу чыккан маалымат менен уланталы.

Атамзамандан бери эле мамлекет башчыларынын кандай жашап, эмне кийип, эмне ичип, эмне минип жүргөнү калктын сын көзүнө алынып келген. Муну тыйып да койо алышкан эмес, тыйыш да мүмкүн эмес. Анткени саясатчынын өзү ушул жолду тандаардан мурда элдин көзүнө, элдин сөзүнө илинейин деп саясатчы болушкан да.

Ушул аптада Орусияда чыгуучу «Экспресс-газета» интернет-басылмасы президент Аскар Акаев Москва шаарынын борборундагы Филиппов көчөсүнөн баасы 6 млн. АКШ доллары турган турак-жай сатып алды деп жазып чыкты. Бийлик бул маалыматты оппозиция уюштурган, оппозиция учурган кезектеги беш өрдөк катары баалады. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев атайын пресс-жыйын өткөрүп, мындай ыплас маалыматты «Экспресс-газетага» 600 доллар төлөп чыгарышкан деген пикирин айтты:

-«МСН» гезити бул материалды заказ кылып, тыяктан бастырып 600 долларга, эми бул жактан кайра аны көчүрүп басып жатат.

«Экспресс-газетадагы» макаланы жума күнү жергиликтүү «МСН» гезити көчүрүп басты. Аталган басылманын башкы редактору Александр Ким Абдил Сегизбаевдин сөзү суу кечпейт деп, бул айтканы боюнча сотко кайрылаарын билдирди.

Мамлекет башчысы Аскар Акаевдин Москвадан ири суммадагы каражатка турак жай сатып алгандыгы тууралуу маалымат түрдүү пикирлерди жаратты. Кыргыз оппозициясынын өкүлү Азимбек Бекназаров 13 жылдан берки менчиктештирүү коррупция менен коштолгонун эске салып, мамлекеттин байлыгын сатуудан түшкөн акчалар ушундай жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып кетти деген ойду айтты:

- Аскар Акаев алты миллион эмес, андан чоң акчага деле үй сатып алса деле оппозиция күмөн санабайт. Эки аптадан бери парламентте айтылгандай он үч жылдан бери менчиктештирүүдөн түшкөн миллиондогон акча кайда? Демек, ал акчалар мына ошого окшогон үйлөрдү сатып алууга кетип жатат.

Ал эми "Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар" ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева президентти АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтонго салыштырып, акча табыш Аскар Акаев үчүн чоң деле проблема эместигин билдирди:

- Бул анча деле чоң каражат эмес. Себеби Аскар Акаев өзүнүн ар бир окуган лекциясына деле ушундай үй сатып алса болот. Ошондуктан Акаевди күнөөлөштүн кереги жок.

*****

Берүүбүздү жыйынтыктап жатып апта ичинде Кыргызстандын саясат талаасындагы дагы бир окуяга көңүлүңүздөрдү бургум келди. Ал маалымат 4 жылдан бери камакта жаткан Феликс Кулов тууралуу.

14-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын сот, укук жана мыйзамдуулук боюнча комитети «Арнамыс» партиясынын лидерин бийлик соттордун күчү менен зордоп эле камактан чыгарбай жатат деген чечимин чыгарды. Эсиңиздерде болсо керек – быйыл жайында Кулов Сокулук райондук сотуна кайрылып, анын жаза өтөө мөөнөтү аяктап калгандыктан түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотууну чечип берүү өтүнүчү менен кайрылган болчу. Бирок сот «Арнамыстын» лидери 2005-жылдын ноябрында чыгууга тийиш деген чечим чыгарган. Бул убакыт болсо Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп бүткөн мезгилге туура келет.

Андан соң Кулов парламенттин жогоруда аталган комитетине кайрылган. Азимбек Бекназаров төрагалык кылган комитет Биринчи май райондук соту Феликс Куловго карата Кылмыш кодексинин 38-беренесинин туура эмес пайдаланып, анын абакта отуруу мөөнөтүн 2000-жылдын 22-мартынан эмес, 2001-жылдын 26-июлунан баштап эсептеп салган деген жыйынтыкка келди.

Комитет Феликс Куловго Сокулук райондук сотунун 2004-жылдын 13-августундагы чечимин жокко чыгарыш үчүн Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылыңыз деген сунуш-кеңешин берди.
XS
SM
MD
LG