Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Кыргыз эл артисттеринин юбилейи белгиленди


НАРЫН. Таланттуу жубайлар - Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын мартабалуу 80 жылдык мааракеси Муратбек Рыскулов атындагы облустук музыкалуу драма театрында болду. Салтанат ээлеринин маараке-шаанисине губернатор Аскар Салымбеков, республикалык жана жергиликтүү маданий кызматкерлер, Нарын шаарынын коомчулугу, алыс жактан келишкен куда-сөөк, жакын санаалаштар күбө болушту.

Койсун Карасартова 14 жашында өнөр секинин кереметине аралашса, Сейитказы Андабеков Улуу Ата мекендик согуштан кайтып келгенден кийин өмүрүн театрга арнаган. Бул жылдарда атактуу жубайлар ар бири жүзгө жакын ар кандай каармандардын образдарын жаратышкан. Алардын дуэттик аткаруусундагы ырлар жүз миңдеген адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапкандыгы айныгыс чындык.

XS
SM
MD
LG