Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Ооганстанда президенттик шайлоонун жыйынтыктары эсептелүүдө


Бүгүн эсептелген добуштардын 5 пайызынын жыйынтыгы боюнча убактылуу мамлекет башчысы Хамид Карзай эң алдыда келатат. Ал - добуштардын 71 пайызын топтой алган. Ал эми анын негизги атаандаштарынын бири, буга чейинки Билим берүү министри Юнус Кануниге 15%дан көбүрөөк шайлоочу өз добушун берген. Үчүнчү орунда - генерал Абдул Рашид Достум турат. Анын куржунунда бүгүнкү добуштардын жыйынтыгында, 4%дын тегерегинде добуш бар.

Анткен менен шайлоо уюштуруучулары азырынча анын акыркы жыйынтыктары тууралуу божомолдору менен бөлүшүүдөн оолакташууда.

Бириккен улуттар уюму жана Ооганстан ортосунда шайлоону уюштуруу боюнча биргелешкен комитеттин техникалык кеңешчиси Реджинальд Остин да “азырынча болжоп айтуу татаал” экендигин билдирип, алдын ала жыйынтыктар тууралуу добуштардын 20%зынан көбү эсептелгенден кийин гана айтуу мүмкүн болоорун белгиледи.

Анын аралыгында, өлкөнүн айрым аймактарында кырдаал оорлой баштады. Кунар жана Урузган облустарындагы бир катар жардыруулардан кеминде төрт ооганстандык жана эки америкалык аскер өлгөндүгү тууралуу кабар айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG