Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Юнус Кануни Ооганстандын президенти болуудан үмүтүн үзө элек


9-октябрдагы президенттик шайлоодо берилген добуштардын 12 пайызы саналгандан кийин, Ооганстандын учурдагы президенти Хамид Карзайдын алдыга озуп чыккандыгы айтылууда. Бирок мурдагы билим берүү министри жана Карзайдын башкы атаандашы Кануни добуштардын бардыгы саналганга чейин жыйынтык чыгаруу эрте экендигин билдирди.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда Хамид Карзай добуштардын 60 пайызы менен биринчи, Кануни дээрлик 20 пайыз менен экинчи, ал эми теги өзбек Рашид Достум 10 пайыз менен үчүнчү орунда келатат. Бирок шайлоо өкүлдөрү да кимдин жеңүүчү болоорун боолголоо азыр кыйын экендигин эскертишти.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдап, сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG