Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: "КОРРУПЦИЯНЫ ЖОЙМОЮНЧА КЫРГЫЗСТАН ӨНҮКПӨЙТ"


Азиза Турдуева, Бишкек «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова кабарчыбызга берген интервьюсунда жакында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары, Кыргызстандагы оппозициянын азыркы абалы, коррупция маселелерине байланыштуу суроолорго жооп берди.

-Төлөйкан айым, жакында эле Конституциялык сот сиздин арызыңыздын негизинде атуулдардын тынч жол менен куралы жок нааразылык акцияларга чыгуу боюнча конституциялык укугун калыбына келтирген чечимин чыгарды. Мындан ары атуулдардын бул укугу кайрадан бузулуп калышы мүмкүн деген кооптоону жокпу? Маегибизди ушул суроодон баштасак?

-Азыр Кыргызстанга өзгөрүү жараяндары жана өзгөрүү мезгили келди. Так ушул мезгилде Конституциялык сот ушундай прогрессивдүү чечимин чыгарганы биз үчүн чоң кубаныч болду. Бул биздин гана жетишкендик эмес бул - өлкө үчүн ачык, плюралисттик коомго карай өнүгүүгө, таза өкмөткө жол аччу жакшы кадам болду. Атуулдар эми аткаруу бийлигинин уруксатысыз эле тынч жол менен пикет, митингдерге чыгууга укуктуу. Бирок мындан ары бул норма кайрадан өзгөртүлбөйбү деген коркунуч да бар. Анткени биздин коомдо ошол тоталитардык режимдин тушунда иштеп, ошол системадан арыла албаган көп чиновниктер бар. Парламентте да өкмөттү сүйгөн депутаттар жетиштүү эмеспи. Ошону үчүн 2002-жылы кабыл алынган «Атуулдардын тынч жол менен куралсыз чогулуп, митинг, пикет, жүрүш жана демонстрацияларды өткөрүү жөнүндөгү» мыйзамдын 5-,6-,7-беренелерин эларалык стандарттарга ылайкташтырып, кайрадан иштеп чыгуу зарыл. Бул маселе тез арада парламентте каралышы керек жана бул жараяндарга атуулдук коом көзөмөл жүргүзүп турушу зарыл. Анын үстүнө Кыргызстан адам укуктарын сактоо боюнча өзүнө алган эларалык милдеттемелерди да аткарышы керек. Ансыз деле биздин өлкөдө адамдардын укуктарынын эң одоно түрдө бузулушу боюнча ондогон мисалдарды келтирсек болот. Ошол эле Аксы трагедиясынан жапа чеккен энелердин укуктары аларды депортациялоо аркылуу кандай бузулду, Барскоон трагедиясы канчалаган адамдардын укуктарын тебеледи? Мындай укук бузулаарды токтотуу үчүн мыйзам чегинде иш жүргүзүшүбүз керек..

-Төлөйкан айым, мына жакында эле Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Ага сиз да талапкер катары катыштыңыз. Бул шайлоо жалпысынан кандай өттү жана Шайлоо кодексинде кандай кемчиликтер бар деп эсептейсиз?

- Демократиялык өлкөнү курууда жергиликтүү шайлоолор чоң ролду ойнойт. Демократия жергиликтүү кеңештерден, жергиликтүү айыл өкмөттөрдөн башталат. Ошондуктан биз укук коргоочу катары бул шайлоого да катышып, өзүбүзчө да баалап көрдүк. Эми негизги сабактардын бири - ПРООН жана оппозиция бийлик менен бирге Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизебиз, аны жакшыртабыз деп көп убакытты кетиришти. Бирок ошол эле оппозициядан бир да жолу мына бул Шайлоо кодекстин мындай беренелери талкууланышы керек, чогулалы, талкуулайлы деген пикирлерди уккан жокпуз. Алар негизинен эле Ак үй тарабынан айтылган сунуштарга макул болуп жатышты. Ал эми «Акыйкат шайлоо үчүн» атуулдук бирикме болсо ушундай ураан менен чыккандан кийин шайлоо учурунда өзүнүн эң активдүү ролун көрсөтүшү керек эле. Алар шайлоодо коомчулук менен чогуу иштеп, "мына мындай мыйзам бузуулар болуп жатат", "талапкерлер мындай мыйзам бузууларга барып жатышат" деп турушу керек эле. Негедир андай ролду Мисир Ашыркулов да, бул бирикменин башка мүчөлөрү да көрсөтө алышкан жок. Ошондуктан бул бирикме бизди да, шайлоочуларды да кандайдыр бир алдап койгондой болду да. Шайлоодо оппозиция жагынан жигердүү катышууну көрө алган жокпуз. Биз баарыбыз тең күбө болгондой бул шайлоодо административдик ресурстар колдон келишинче пайдаланылды. Эң өкүнүчтүүсү – жогорку окуу жайлары, бюджеттик мекемелер шайлоонун жыйынтыктарына терс кедергисин тийгизип койду. Анткени ал жерде иштеп, окугандардын добуштары бир нече ирет пайдаланылып жатты. Мен айтаар элем бүгүнкү күндө Борбордук шайлоо комиссиясында реформалар жүргүзүлмөйүнчө Кыргызстанда таза, тунук шайлоо болушу мүмкүн эмес.

-Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо саясий партиялардын ичинен «Адилет» жана «Алга, Кыргызстан» партиялары эң көп орун алганынын себеби эмнеде болду? Бул партиялар келерки парламенттик шайлоодо кандай орунду ээлеши мүмкүн?

-Эми бул жергиликтүү шайлоолор президент Аскар Акаев айткандай, парламенттик шайлоого репетиция болду да. Шайлоо күнү № 24-мектепте добуш берип жатып президент Акаев бул шайлоодо чоң процент алган партиялар келечекте Кыргызстандын саясатында чоң рол ойноорун айтты. Эми «Адилет» партиясын алсак, бул деген ошол эски партократ, бюрократ-чиновниктерден түзүлгөн партия. Бул президенттин администрация жетекчиси Тойчубек Касымов, таластык клан жана Майрам Акаева баштаган "жарым үй-бүлө партиясы" деп эсептесек болот. Ал эми «Алга, Кыргызстан» партиясы бул жаңы партия эмес. Аны жаңы партия, жакшы жетишкендиктери болуп жатат деген пикир – бул манкурттардын манкурттук көз караштагы ою. Бул партия эч кандай жаңы партия эмес, ал 14 жылдан бери Кыргызстанды жакырчылыкка, тышкы карызга батырган үй-бүлөлүк партия. Бул - үй-бүлөлүк кландык системаны орноткон Аскар Акаевичтин кызы Бермет Акаева баштаган партия. Шайлоонун ушундай жыйынтыгын биз алдын ала божомолдогонбуз. Эми бул эки партия тең шайлоого канча каражат жумшашты, ал каражаттарды кайдан алышты? Бул боюнча коомчулукка отчёт бериши керек.

-Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдүн азыркы абалы, мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикириңиз кандай?

-Эми Кыргызстандагы оппозициянын абалы бүгүнкү күндө эч кимге жашыруун эмес. Өлкөдөгү оппозиция саясий кризистер орун алган учурларда, ошол эле Барскоон окуясында, 2000-жылдагы саясий кризис – Карабуура феноменинде өзүнүн ордун көрсөтө алган жок, бийлик менен тең ата болуп, бир столго отуруп, оппонент болуп, аргументтерин айта алган жок. Эң өкүнүчтүүсү - биздин оппозициянын айрым өкүлдөрү өлкөдө түзүлгөн айрым саясий жагдайларды өздөрүнүн гана кызыкчылыгына пайдаланып келе жатышат. Ошол эле Аксы окуясынан кийин да алар бириге алышкан жок. Биригүүгө болсо алардын жеке амбициялары тоскоолдук кылып жатат. Ал эми оппозициянын кээбир өкүлдөрү болсо "президент бизди кабыл алды, жакшы нерселерди айтты" деп сүйүнүп алышат да, андан кийин эле, кайра баштарын кармап "көрсө бизди алдап койгон турбайбы" деп отуруп калышат. Мына парламенттик, президенттик шайлоого аз эле калды. Эл эмдигиче билбей жатат оппозиция шайлоого ким менен, кандай программа менен бара тургандыгын. Оппозиция азырга чейин элдин мүдөөсүнө жооп бере ала турган саясий платформасын түзө албай жатат. Алар өзүнүн деңгээлин жогорулатып, оппозициянын ишмердүүлүгүндөгү эларалык тажрыйбаны үйрөнүшү керек.

-«Коррупцияга каршы бейөкмөт уюмунун» жетекчиси катары өлкөдө коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу болуш үчүн кандай иш-чаралар керек деп эсептейсиз?

-Биздин уюм демилгелүү топ тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. Анткени Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштү жүргүзмөйүнчө өлкө алдыга жыла албайт дегенди биз жакшы түшүндүк. Эми коррупция кайдан пайда болот? Мына мисалга алсак, Кыргызстандын кени жөнүндөгү мыйзам бар. Кыргызстандагы суу, алтын, жер жана башка табигый байлык калкка пайда алып келиши керек. Айта кетсек, Кыргызстандын аймагында азыр АКШ менен Россиянын аскердик базалары жайгашты. Алар да өлкө үчүн пайда алып келет деп ачылган. Ал эми бүгүнкү күндө «Ганси» авиабазасынан түшкөн каражаттар кайда кетип жатат? Биз билебиз бир учактын учуп-конушуна 7 миң доллар төлөнөт. Орто эсеп менен күнүнө 10 рейс учат. Ошондо күнүнө 70 миң доллар түшөт. Бул акча, ошондой эле тейлөө, бензинден түшкөн акча кайда жумшалып жатат? Белгисиз. Менчиктештирүүдөн түшкөн акча кайда кетти? Белгисиз. Коом билбейт. Мына ушундай саясатты өзгөртмөйүнчө, үй-бүлөлүк коррупция күчөп, жакырчылык мындан да тереңдеп кете берет. Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн дагы эмне кылышыбыз керек? Кадр саясатын өзгөртүү керек. Конкурстун негизинде чыныгы даяр, чынчыл кадрларды дайындоо керек. А бизде эмне болуп жатат? Эми президенттин балдызы кадр маселесин тейлей турган болду. Мындай дайындоолор биз үчүн көнүмүш адатка айланып калды. Ошондуктан атуулдук коом бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатты, бийлик чиновниктерин кайра дайындоолорду, чиновниктердин бардык кыймыл-аракеттерин көзөмөлдөп турушу керек. Граждандык саясатты өнүктүрүү зарыл. Ал эми атуулдар саясатка кийлигишпеши керек деген саясат - сталиндик, коммунисттик системадан калган көрүнүштөрдүн бири. Атуулдук коомдун өкүлдөрү өздөрүнүн саясий активдүүлүгүн жогорулатышы керек. Мына ушул багыттарда биз иштерди жүргүзүп жатабыз. Биздин уюм ошондой эле «Борбор Азиянын граждандык көпүрөлөрү» деген форматта да Кавказ, Борбор Азия өлкөлөрүнүн атуулдук коомдорунун лидер-активисттери менен кызматташып жатабыз. Биз эмне үчүн трансулуттук компаниялар, мисалга алсак, Кумтөр Кыргызстандын гана эмес, ошондой эле Борбор Азиянын башка өлкөлөрдүн да экологиясына терс таасирин тийгизип жатат? Эмне үчүн «Кумтор» «Центерра» болуп калды? Ошол реструктуризациядан түшкөн 85 млн. АКШ доллар акча кайда, Грузиядагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдору сыяктуу маселелерди биргелешип талкуулайбыз. Коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча өткөрүлгөн эларалык жыйын, семинарларга үзбөй катышып турабыз.

-Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG