Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

КАЗАК БАНКТАРЫНЫН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИШИ КОРКУНУЧТУУБУ?


Сапар Орозбаков, Прага Акыркы 2-3 жыл ичинде өлкөнүн банк секторуна Казакстандын 5 банкы келди. Улуттук банктын жетекчилери муну чет өлкөлүк инвестицияны тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттердин жемиши катары мүнөздөшөт. Ал эми айрым банкирлер бул өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна тескери таасир тийгизиши мүмкүн экендигин эскертишет.

Акыркы жылдары Казакстандын капчыгы толо түшкөн ишкерлери Кыргызстандын ишканаларына кызыга башташты. Кийинки 2-3 жылдын эле ичинде Казакстандын банктары "Автобанк", "Эридан", "Кайрат", "Энергобанк" өңдүү 4 коммерциалык банктын акциясын сатып алышты. Андан тышкары кошуна өлкөнүн "Туран–Алем" аттуу банкы Кыргызстанда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачты.

Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов муну кыргыз бийликтеринин өлкөнүн инвестициялык шартын жакшыртууга жасаган аракетинин үзүрү катары мүнөздөйт:

-Казакстандык инвесторлордун келип жатышы, менимче, биздин структуралардын инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган аракеттеринин адилет баасы болуп эсептелет. Инвестор өз чечимине адатта акчасы менен добуш берет. Ал кайсы жерде жаман болсо ал жерден кетип, кайсы жер жакшы болсо ошол жерге келет.

Улан Сарбанов Казакстандык банктардын келиши менен өлкөнүн банк секторунда атаандаштык күчөп, кредиттик ресурс да өсүп, анын үстөк пайызы төмөндөп жаткандыгын белгилейт.

Бирок өлкөнүн айрым банкирлери Казакстандын банктарынын көп келип жатышын жакшы көрүнүш деп эсептешпейт. Алар Улуттук банк Кыргызстандын банктарына уставдык капиталды көбөйткүлө деп талап коюп, ошол эле мезгилде казакстандык банктардын аларды арзан сатып алышына мүмкүнчүлүк берип жаткандыгын айтышат:

-Биздин улуттук банк туура эмес иш кылып жатат. Бүгүнкү күндүн мыйзамдары боюнча жаңы банк ачыш үчүн 300 млн. сом керек. Казакстандын банктары болсо биздин банктарды 50-60 млн. сомго арзан сатып алып жатышат. Бул алардын активдеринин 10% гана түзөт. Алар бизге инвестиция салбай эле, биздин акча менен байып жатышат,–дейт "Ысыккөлинвестбанктын" төрагасы, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Байкожоев. Ал Казакстандын банктарынын көбөйүп кетиши биздин банк системасынын туруктуулугуна да өзүнүн терс таасирин тийгизээрин кошумчалайт:

-Бул биздин экономикалык коопсуздукка коркунуч туудурат. Эгерде ал банктар банкрот болсо аларга акча салган биздин эл өз акчаларын кайтарып ала албай отуруп калат.

Улуттук банктын мурдагы төрагасы, азыр Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Марат Султанов болсо бир эле өлкөнүн, болгондо да стабилдүү эмес өлкөнүн банктарынын көбөйүп кетиши чынында эле Кыргызстандын чакан банк секторуна коркунуч туудурушу мүмкүн экендигин айтат. Ал келип жаткан банктар Казакстандын бийлигинде турган адамдарга таандык болуп, ал өлкөдө бийлик алмашса Кыргызстандын банк сектору оор абалда каларын белгилейт:

-Казакстандын негизги банктары келип Кыргызстандын финансы рыногун ээлеп алышты. Эгерде Казакстандын банктары чыныгы коммерциялык банктар болсо коркунучтуу эмес эле. Биздин билишибизге караганда бул жакка келген банктардын ортосунда байланыш бар. Адистер алар бир эле топко киришет деп жатышат. Эгерде алар бир топко киришсе, Казакстандын саясий абалынан көз каранды болушса, Казакстанда саясий өзгөрүү болуп кетсе, бул банктардын маселеси биздин банк системасынын маселесине айланат. Ошондуктан мындай саясатка жакын банктарды рынокко киргизүүдө этият болуш керек,–дейт Марат Султанов.

Улан Сарбанов болсо, мындай коркунучту принцибинде жокко чыгарбайт. Бирок ал бул банктар тендер аркылуу сатылгандыгын эскертет. Ал Улуттук банк муну эске алып, ал банктарга көзөмөлдү күчөтүүнүн үстүндө иш жүргүзүп жаткандыгын билдирет:

- Окуянын өнүгүшүнүн жагымсыз варианты дайыма болушу мүмкүн. Биз эмне кыла алабыз? Биз Казакстандын Борбордук банкы менен келишим түздүк. Базель комитетинин банк секторун көзөмөлдөө боюнча келишимине Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен кол коюга акыркы 1,5 жылды жумшадык. Казакстандын банктарынын Кыргызстанда көбөйүп кеткендигине байланыштуу эми биз банк көзөмөлү боюнча деталдуу келишим түзүү үчүн Казакстандын борбордук банкы менен байланышты күчөтүп жатабыз.

Мындан 5-6 жыл мурун 5 банк бир эле мезгилде банкрот болуп, Кыргызстандын банк сектору начарлап кеткен болчу. Акыркы жылдары Бүткүл дүйнөлүк финансы уюмдарынын жардамы менен Улуттук банк банк секторун чыңдоого карата бир топ иштерди жүргүздү. Эксперттердин айтымында, анын аркасы менен абал мурдагыдан бир аз жакшырды. Бирок дагы эле элдин көбү банк секторуна ишенишпей, акчаларын түйүнчөктөргө түйүп, үйлөрүндө сакташат.
XS
SM
MD
LG