Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

БОРБОР АЗИЯ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН САММИТИ ӨЗ ИШИН АЯКТАДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 18-октябрда Тажикстандын башкалаасында Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өз ишин аяктады. Жыйында Борбор Азия регионунда тыюу салынган террордук жана диний экстремисттик уюмдардын тизмесин түзүү чечими кабыл алынды. Борбор Азия кызматташтык уюмунун бул саммитине Орусия президенти Владимир Путин да катышты.

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикистан мүчө болгон бул уюмдун кезектеги жыйынына Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясы да катышты. Борбор Азиядагы коопсуздук, мурда макулдашылган келишимдердин турмушка ашышы жана региондогу мамлекеттердин Ооганстан менен болгон кызматташтыгы башкы темалардан болду.

Алгач саммиттин катышуучулуры Борбор Азиядагы коопсуздукка коркунуч келтирип аткан террордук жана экстремисттик уюмдардын тизмесин түзүү чечимин кабыл алышты. Саммиттин катышуучулары кабыл алган билдирүүдө дал ушунтип жазылып, КМШ мамлекеттеринин алкагында да ушундай тизмени түзүү зарылдыгы белгиленген.

Президенттер Борбордук Азия кызматташтык уюмуна Орусиянын да кошулушу боюнча протоколго кол коюшту. Төрт мамлекет тең Орусиянын бул уюмга мүчө болушун кубаттап чыгышты.

- Аскар Акаев да Орусиянын бул уюмга мүчө болушун колдоп берди. Мамлекет башчынын айтымында бул кадам Кыргызстандын экономикасы үчүн пайдалуу. Мисалы, Орусия жана Казакстан Нарын суусунда ГЭСтерди курууга инвестиция салууну пландап жатышат. Ушул өңдүү өндүрүштү көтөрүүгө багытталган пландар үчүн Орусиянын кошулушу ого бетер жагымдуу шарт түзмөкчү,- дейт президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев.

Саммитте Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси да козголду. Абдил Сегизбаевдин айтымында, Кыргызстандын президенти Ооганстанга жардам берүү өзүңө жардам берүү деген принципти сунуштады. Саммитке катышкан Ооганстандын вице-президенти кыргыз бийлигинин мындай туруму үчүн ыраазычылык билдирген.

Саммитте Борбор Азия мамлекеттеринин суу- энергетикалык консорциумун түзүүнүн принциптери талкууланды. Ал боюнча концепция кабыл алынып, ар бир өлкөнүн өкмөт башчыларына бул жаатта ишти тездетүү тапшырылды. Кыргызстан жылыга 50 миллиард кубометрге чейин суу топтойт. Анын 6-7 миллардын гана кыргызстандыктар пайдаланат. Жогорку Кеңештин депутаты Темирбек Сариевдин айтымында, Кыргызстан бул жаатта өз кызыкчылыгын коргой алган жок:

- Сууну товар катары кабыл алып, аны парламент мыйзам менен да бекиткен. Бирок Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнө суу берүүдө өз кызыкчылыгын коргой алган жок. Бул жерде өкмөттүн түздөн-түз күнөөсү бар деп ойлойм. Мисалы, жайкысын сугат маалында биз коңшу өлкөлөргө суу беребиз. Анын ордуна ошол сууну пайдаланып өндүрүлгөн электр энергиясын алышат. Кайра бизге көмүр, газ жана мазут берүү макулдашылган. Эң кызык жери ушунда да. Көмүр, газ менен мазутту дүйнөлүк баа менен сатып алабыз дагы, ал эми электр энергияны эң арзан баада берип келебиз.

Президент Аскар Акаев баштаган делегация Дүйшөмбү шаарынан 18-октябрдын кечинде кайтып келди.

Мындан он жыл мурда түптөлгөн Борбор Азия экономикалык шериктештигинин негизинде Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтык уюму 2002-жылы кайра түзүлгөн.
XS
SM
MD
LG