Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Ош-Өзгөн автожолу кемчиликтер менен салынууда


ОШ. Ош-Өзгөн автожолун оңдоодо экологиялык жана техникалык эрежелер сакталбай жатат. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө кызматынын жана Ош облустук айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынын кызматкерлери жолдун оңдолуп жаткан участокторун текшергенден кийин мына ушундай бүтүмгө келишти.

Жол курулуш иштерин жүргүзүүдөгү техникалык коопсуздук чараларынын сакталбагынан улам өткөн жылдын башынан бери 17 жол кырсыгы катталган. Аталган жолду куруп жаткан кытайлык «Чайнароуд» фирмасы акча каражатын үнөмдөө максатында автоунаалар үчүн айланып өтмө жолдорду салып камсыз кылбаган жана анын кесепетинен жол кыймылында башаламандык пайда болуп жатат дешет жергиликтүү айдоочулар.

Чет өлкөлүк жол куруучу фирманын ишин текшерүү учурунда чындыгында эле экологиялык жана техникалык коопсуздукту одоно түрдө бузуу учурлары тастыкталды жана бул боюнча жол куруучу компанияга катуу эскертүү берилди. Мындай маалымат бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Алима Шариповадан алынды.

XS
SM
MD
LG