Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Адам өлтүргөндөрдүн бети ачылды


БИШКЕК. Өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу быйыл кылмыштын бетин ачуунун деңгээли жогору. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов билдирди. Анын маалыматы боюнча, муну акыркы эки айдын ичинде коомчулуктун үшүн алган беш ири кылмыштын бетинин ачылганы далилдейт.

Сентябрь жана октябрь айларынын башында биринин сөөгү Аламүдүн суусунан, экинчисиники машинанын артынан табылган кылмышты жасаган эки адам кармалды. Андан тышкары алтын жасалгалары сатылчу «Агат» дүкөнү менен кыргыз-иран ишканасын тоногон кылмыштуу топ кармалды.

Ал эми быйыл эле буйрутма жол менен сегиз киши өлтүрүүнүн алтоо бири-бири менен байланыштуу деген божомол бар жана алар боюнча шектелип кармалган адамдар көрсөтмө берип жатышат.

XS
SM
MD
LG