Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:00

Орусиянын ички иштер министри Бишкекке келет


БИШКЕК. Эртең Кыргызстанга Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев баштаган делегация келет. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов билдирди. Анын айтымында, Нургалиев эки мамлекеттин ички иштер боюнча башкы мекемелеринин биргелешкен ачык кеңешмесине катышып, эларалык терроризмге, маңзаттар соодасына жана уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү жолдорун талкуулайт. Андан тышкары сапар маалында ички иштер кызматынын жогорку билимдүү адистерин даярдоодо тажрыйба алмашуу жана эки министрликтин ортосунда маалымат алмашуу деңгээлин жогорулатуу маселеси талкууланат. Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиевди президент Аскар Акаев кабыл алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG