Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

А.Акаев Дүйшөмбү саммитине катышты


БИШКЕК. 18-октябрда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны болду. Анда региондогу коопсуздук жана кызматташуу маселелери талкууланып, жыйынтыктоочу документ катары бирдиктүү билдирүү кабыл алынды.

Билдирүүдө «эларалык терроризмге, диний экстремизмге, маңзаттардын соодасына жана региондогу коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайларга каршы күрөшүү үчүн күчтү бириктирүү керектиги» белгиленди. Андан тышкары уюмга кирген мамлекеттердин аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдар менен алардын жетекчилеринин тизмесин түзүү чечими кабыл алынды.

Жыйында мурда тутумуна төрт мамлекет кирген уюмга мүчөлүккө Орусия кабыл алынды. Саммитке катышкан Орусия президенти Владимир Путин уюмдун алкагында эларалык терроризм менен диний экстремизмге каршы күрөш бекемделээрин жана экономикалык кызматташуу өнүгөөрүн билдирди. Ал эми Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Орусиянын уюмга кошулушуна интеграциялык процесстеги чечүүчү фактор деп баа берди.

XS
SM
MD
LG