Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

ОРОЗОДО ДА ИРАКТА ОК АТЫШУУ


Төрөкул Дооров, Прага Бир канча күндөрдөн бери америкалык аскерий күчтөр Ирактын Фаллужа шаарына сокку уруп келишет. Ал эми бүгүн Багдатта жана Мосулда болгон жардыруулардан кеминде 14 ирактык мерт кеткендиги кабарланды.

Фаллужада америкалык аскерлер жума күнү козголоңчулардын атынан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып, кийин колго түшүрүлгөн шейх Халед Хамоуд ал-Жумайлини бошотушту. Дүйшөмбү күнү ал-Жумайли Фаллужадагы кырдаал тууралуу мындай деди:

-Менимче, Фаллужа эли бул өңдүү тынчтыкка жетишүүнү каалаган эмес. Адамдар чыныгы тынчтык болушун тилешкен. Ирак өкмөтү буга жетишүү аракетин көрсөтүп жатканы менен, ошол эле маалда өз элине чабуул урууга даярданып турат. Үйлөр бузулуп, аялдар өлүп жатса, муну кантип тынчтык деп айтууга болот?

Ирактын утурумдук өкмөтү Фаллужанын бийликтерин иорданиялык экстремист деп эсептеп жатышкан Абу Мусаб ал-Заркауини өткөрүп берүүнү талап кылып жатат. Эгер талап аткарылбаса, шаарга чабуул башталаары бир канча ирет эскертилген.

Бирок тынчтык сүйлөшүүлөрү өткөн бейшембиде Фаллужанын бийликтери ал-Заркауини Ирак жетекчилигине берүүдөн баш тарткандан кийин токтоп калды. Ошондон тарта бир канча күндөрдөн бери америкалык куралдуу күчтөр Фаллужанын ар кайсыл жерлеринде абадан жана танкалар менен шаардын бир катар райондоруна сокку урушту.

Ушул тапта Фаллужа толугу менен курчоого алынган.

Анын аралыгында, жекшембиде козголоңчулар Иорданиядагы машыгуулардан Кербалага, үйлөрүнө жол алган 9 ирактык полиция кызматкерин өлтүрүп кетишти. Алар Багдаттан 40 чакырым алысыраактагы Латифиях деген жерде полиция кызматкерлерине кол салышкан. Куралчандарды табуу мүмкүн болгон жок.

Жекшембинин түнүндө Багдаттын чак ортосундагы мейманканалардын жанында жардыруу болду. Андан полициянын төрт кызматкери өлдү.

Британиянын Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, АКШ өкмөтү Британияны Ирактагы аскерлеринин санын көбөйтүүсүн суранган. Мунун баары эгерде Фаллужадагы сүйлөшүүлөр жыйынтык бербесе, шаарга массивдүү чабуулду өткөрүү ниетинде жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG