Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

“АПАМДЫ САГЫНДЫМ, ТҮРМӨДӨН ӨЛБӨЙ ЧЫКСАМ ЭКЕН”...


“Адам жана тагдыр” берүүбүздүн кезектеги чыгарылышынын каарманы 1990-жылдагы Ош окуясынын катышуучусу. Баатыр Калматов ал окуяда күнөөлүү деп табылып, эң жогорку өкүм - өлүм жазасына кесилген. Кийин бул өкүм он үч жыл түрмө менен алмашып, Баатыр Калматов ал мөөнөттү өтөп келген. Ал өзүн күнөөлүүмүн деп эсептебейт. Соттун өкүмүн адилетсиз деп санайт. Ал эми сот органдары болсо анын айыпталышына ошол кездеги кырдаал күнөөлүү деп карашат.

Баатыр Калматов тергөө иштерине байланыштуу бир жарым жыл Улуттук коопсуздук кызматынын жертөөлөсүндө жаткан. Ал жерде "массалык тартипсиздикке күнөөлүү" деген бир курдай шек менен кармалгандарга аёосуз зордук-зомбулуктар, моюнга алдыруу үчүн ар кандай кыйноо ыкмалары колдонулган. Айрымдары ур-токмокко чыдабай өзүн өзү асып өлгөн.

Тергөө иштери Москвалык тергөөчүлөр тарабынан жүргүзүлгөн. Жергиликтүү соттор тарабынан алды өлүм жазасына, арты узак мөөнөттүү күчөтүлгөн режимдеги түрмө жазасына кесилгендер бир курдай түпкү улутунун кырчындай жигиттери болгон. Мындай айтканда 560 атуул камакка алынган. Алардын бири - ушул Баатыр Калматов болчу.

Өзүн күнөөлүүмүн деп эсептебеген айыпталуучу: “тергөө бир тараптуу жүргүзүлүп, ал эми соттор кимдир-бирөөлөрдүн атайын тапшырмасы менен иштегендей таасир калтырган” дейт он үч жылдан кийин:

- Мен 25 жашымда түрмөгө түштүм. Өмүрүмдүн эң сонун күндөрү түрмөдө өттү. Тагдырдын жазмышы ушундай экен. Кырчындай жигиттик курагым армандуу болду. Атууга кете тургандарды Улуттук коопсуздук кызматынын подвалында кармайт экен. Ал жердеги күндү иттин баласына да ыраа көрбөйм. Адам баласы баарына чыдайт экен. Москвадан келген тергөөчүлөр паспорттогу улутубузга карап эле, түрмөгө шыр салуу буйругун берип турушту. Тергөө иштери орус тилинде жүргүзүлдү. Тыңыраак сүйлөй албаганым бир, келтек жеп алдан тайыганымчы. Колдон-буттан кармап дубалга урганда көзүмдөн от чачырап, бир маалда барып эсиме келем. Аскер кийимчен адам колума актай баракты сунуп, аягына кол кой деп карап турат. Арга канча, кол коюп бергенден башка айла жок. Ушундайча жолдор менен жасалбаган иштер жасалды делип, массалык тартипсиздиктин күнөөкөрү, "адам өлтүргөн", болгондо да "атайылап өлтүргөн" деген кылмыштар мойнума илинген. Болбосо менин үстүмдөн арызданган деле киши жок болчу.

Ушундай деген Баатыр тагдырына тан берип, түрмөгө көнүүгө мажбур болгонун, абактан өзү сыяктуу көп эле күнөөсүз "күнөөлүүлөрдү" жолуктурганын айтат. Эрте-кечпи ак жеринен камалганы тууралуу ыгын таап, түрмөдө көргөн күндөрүмдү, сот жана тартип коргоо органдарынын карапайым адамдарга жасаган мамилесин жазып эрмектеп, калган өмүрүмдү өткөрөм го деген ойдо. Түрмө деген түрмө, башынан кечирген ал күндөрүнө кайра кайрылып кайткысы келбеген абалда турса да "эстен чыккыс бир жагдайды айтпасам болбойт" деди:

-Атууга кесилгендер жатчу жерди айтпадымбы. Узуну-туурасы бир адамга ылайыкташкан караңгы жай, цементте жатасың деп. Бул түбү жок караңгылыкты элестеткен жайда көп жатканымдан денем эзилип кеткен. Улам эс алган ыптама оодарылып ар бир күндү кечирүү, түндү узатуу кандай кыйын? А мен болсо бир жарым жыл жаттым. Сөлөкөтүм чыкты окшойт. Бир күнү эле “атуу өкүмүн аткарууга кагаз келди” деп түрмө кайтаруучу колума кишен салып, беш-алты адамдын коштоосунда алып жөнөштү. Атуу жазасына өкүм болгондорду алып кетүүчү түрмө машинасы да келди. Денемди титирек басты. Мени кайтарган күзөтчүлөрдүн бири “сендей ак жеринен атууга кеткен окуяны биринчи жолу көрүшүм, ушундай да болот экен” деп көзү жашылданып коштошту. Жакын адамымды калтырып кетип жаткандай мен да жашып барып токтодум. Денем эчак өлүп калгандай, жертөлөдөгү азаптан өлүм жакшыраактай сезилди окшойт, үн чыгарган жокмун. Мени алып кеткени келген орус улутундагы киши жаныма келип, “улутуң ким?” деп сурады. “Кыргызмын” дедим. "Фамилияңчы?" "Калматов" десем, ошол жерден түрмө кайтарганды сөгүп-сагып кирди. Көрсө башка бирөөнүн ордуна кетип жаткан экемин. Мен ошондо өлүм менен кездешкендей эле болгом... Эч эсимден чыкпайт.

Баатыр сөзүн андан ары минтип улантты:

-Канчалык азапта болсоң да ата-апаң эске түшөт экен. Өлүмгө кетип жатып сагынып коём. Ошентип жертөлөдөн көтөрүлдүм. Ал деген акыйкатсыз жерден жатканымды туюндурат эле. Көрсө коомчулук кийлигишип, бул окуяга карапайым адамдар эмес кырдаал күнөөлүү экенин айтып чыгышып, тынымсыз акциялар Ак үйдүн алдында өткөрүлүп атып, биздин камалышыбыз туура эмес болгонун, окуянын чоо-жайларын аткаминерлерге араң дегенде түшүндүрүшүптүр. Аңгыча союз ыдырап, эгемендүүлүктүн шарапаты менен кечирим берилип, өлүм жазасына өкүм болгондор жыйырма жыл түрмөдө отуруу жазасы менен алмашылды. Эптеп эле өлбөй чыгып, туулган жериме барып жан берсем дегенде ак эткенден так эткем.

Баатыр түрмөдө өткөргөн дагы бир катар күндөрүнүн айрым урунттуусун белгилеп айтып отурду. Ким билет, тууган-уруктары алыс болгондуктанбы же замандын тартыштыгы себеп болдубу, айтор, Баатыр "бери дегенде беш-алты жыл дайынсыз болуп кеттим" дейт. "Дегеле эркиндикке чыгышыма шарт түзгөн жагдайлар тууралуу буларды белгилейм" деди:

- Түрмөнүн кургак учук ооруканасына оор абалда түштүм. Мени менен кошо атуу жазасына өкүм болгон Таалай деген жигит каза болуп калды. Көзүмдөн кан акканча ыйладым. Жансыз дене менен сүйлөшүп, салам-дубайымды айылыма ушул Таалайдын сөөгү аркылуу жөнөттүм. Билип турам ата-энемдин колунда жок. Бишкекке чейин жол акы эле канча!? Кайдагы каражат!? Көп жылдар бою түрмөдө отуруп, коёндун жатагына чейин билип калдым окшойт. Беш тоок бактым. Күндө жумуртка жеп калдым. Түрмөгө кирген бир сындырым нан болсо да бөлүп жемей бар.

Бир жолку түрмөнүн таңы мен үчүн өзгөчө аткансыды. Өмүрлүк жолдошум эки баламды ээрчитип келип калса болобу!.. Көп жылдар бою көрбөгөн балдарым үстүмө үйрүлө түшүп, жанымды ансайын кейитишти. Көрсө “Азаттык” радиосунан мен сүйлөпмүн. Айылдагы коңшу-колом, тууган-уруктарым угуп, “Баатыр тирүү экен, “Азаттык” радиосунан сүйлөдү. “Өлбөй үйүмө жетсем арманым жок” деп айтты дешип, биздин үйгө келип, чогулушат. Атам колунда жок - баралбаганын айтат.. Ошол жерден соопчулук дешип, тыйын-тыпыр чогултушуп, ар ким колунан келгенин берип, зайыбымды жөнөтүшүптүр. Бул - мен үчүн эркиндикти алып келүүгө көмөк көрсөткөн “Азаттык” радиосу болуп калгансыды. Мен ал радиону мурун-соңу билбейт экемин. Биз түрмөгө түшкөндө да ушул бир “Азаттык” радиосу гана айтып туруптур да. Менин үнүм ушул радио аркылуу гана чыкты. Биздин абалдын жөн-жайын, болгонду болгондой кылып айтып турган ушул радио болуптур көрсө. Ошондон бийлик адамдарынын, түрмө кайтаруучуларынын бизге болгон мамилеси өзгөрүп, ушул радио канчалык бир деңгээлде таасир бергенин түрмөгө түшкөндөр биз билебиз. Түрмөдө ушул жагдайлардан улам “Азаттык” радиосунун угармандары көп деп ойлойм.


Өзүн акыйкатсыз жерден камалып кеткенин тагдырынан көрөт. Мындай тагдырда жалгыз эмесмин, жалпы эл башына түшкөн трагедия деп карайм дейт. Мындан он үч жыл мурдагы бакубаттуу жигиттин тишинен тиши калбаган, алдан-күчтөн ажыраган жетимиштеги бир чалды элестетет. Шылына арыктаган, кургак учук оорусун түрмөдөн тапкан Баатыр Калматов эркиндикке чыкканына анчалык деле сүйүнбөгөн маанайда. Эки сөзүнүн бири эле "апамды сагындым, болбосо бул жарык дүйнөнүн мага анча деле кереги жок эле" дейт жарыктык киши:

-Минтип ден соолугуман ажырадым. Мурдакыдай тиштерим жок, түшүп калды. Кандайдыр бирөөгө жек көрүүм бар. Биздин камалуубуз ошол кезде туура болуптур. Кырдаалды курчутпай, токтотууга мындан башка арга табылбаптыр. Турмуштан артта калдым. Ал аз келгенсип соттолгон деген жарлыгым бар. Тарых кези келгенде ак-карасын ылгап алар. Биз ошол тарыхый окуянын бейкүнөө курмандыгы болдук. Мени апам күтүп жаткандыр,-деди кайра-кайра Баатыр өз сөзүндө.

Баатыр “апамды сагындым, айылымды сагындым” дегени "туулган жердин топурагы алтын" дегендей, канаты болсо токтоосуз туулган жерине учуп жетип, апасын көрүп, көкүрөк кыйкырыгын жайгаргысы келет.

Бирок Баатырды түрмөдөн кийин дагы бир оор тагдыр сыноосу күтүп турган эле. Анткени "өлүм жазасына соттолуптур" дегенди уккан күнү Баатырдын апасы Зымырат эне ошол жерден үзүлүптүр. Апасынын каза болгону тууралуу Баатыр уга элек. Апасын сагынганы ушунчалык - Баатыр түрмөдөн чыккан күнү эле туулган жерин көздөй жөнөп кетти...

Сүрөттө: Баатыр Калматов авторго түрмөдөн жаңы чыгып интервью берип жатканы.

XS
SM
MD
LG